Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Көк-Арт айылдык кеңешинин «Көк-Арт айыл аймагында Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын каттоо жөнүндө» токтому
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXV -сессиясы 2021-жылдын 9-августу № 1 Көк-Арт айыл аймагында Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын каттоо жөнүндө Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын (КАИА) аткаруу комитетинин жетекчиси А.Жолдошованын маалыматын угуп жана талкуулап, 2005-жылдын 21-февралындагы №36 “Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө” КР Мыйзамын жана 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамын жетекчиликке алып, Көк-Арт айыл аймагында түзүлгөн Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясын айылдык кеңеште каттоо боюнча Көк-Арт айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз 25-сессиясы, угуп жана талкуулап, токтом кылат:
1. Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясы (КАИА) айылдык кеңештен каттоодон өткөрүлсүн.
2. Аталган Токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине каттоо айылдык кеңештин жооптуу катчысы Г.Акпаралиевага жүктөлсүн.
3. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн www.kugart.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Токтомду аткаруу жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Ж.Кудайбердиевке милдеттендирилсин.
Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы:
С.Жуманазаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндөЗакон · 21.02.2005 · № 36
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон