Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бүргөндү айылдык кеңешинин «Бүргөндү айыл аймагында Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын уставын бекитүү жөнүндө» токтому
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы 2021-жылдын 23-июлу № 1 Бүргөндү айыл аймагында Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын уставын бекитүү жөнүндө Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын (КАИА) аткаруу комитетинин жетекчиси А. Маражапованын маалыматын угуп, 2005-жылдын 21-февралындагы № 36 “Жамааттар жана алардын бирикмелерижөнүндө” КРдин Мыйзамын жана 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КРдин Мыйзамын жетекчилике алып, Бургөндү айыл аймагында түзүлгөн Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын конференциясынын чечими менен кабыл алынган Бүргөндү айыл аймагынын Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын (КАИА) уставын карап чыгып Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын (КАИА) конференциясынын чечими менен кабыл алынган Бүргөндү айыл аймагынын Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын (КАИА) уставы тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А. Кубатбековко милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы:
Б. Кубатов
БЕКИТЕМИН Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы ________ Б. Кубатов “____”____________2021-жыл Жалал-Абад областынын Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын
УСТАВЫ Жаңы-Арык айылы 2021-ж.
I. Жалпы жоболор
1. Аймактыккоомдукөзалдынчабашкаруунунтолукаталышы:
- Мамлекеттик тилде: Жалал-Абад областынын, Ноокен районунун, Бүргөндү айыл
аймагынын «Коомчулуктагы айылдарды нинвестициялык ассоциациясы»;
- расмийтилде: «Инвестиционная ассоциация сел сообщества» Бургандинского айылного аймака Ноокенского района Жалал-Абадский области.
2. Аймактык коомдук өзалдынча башкаруунун кыскартылган аталышы:
- мамлекеттиктилде: Бүргөндү айылдык аймагынын КАИА;
- расмийтилде: ИАСС Бургандинского айылного аймака.
3. Бүргөндү айылдык аймагынын «Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын» (мындан ары КАИА) юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад областы, Ноокен району, Бүргөндү айыл өкмөтү, Жаңы-Арык айылы, С. Турдалиев, көчөсү № 39.
4. КАИА өз ишмердүүлүгүн Бүргөндү айылдык аймагында жүргүзөт.
5. КАИАнын иштөө мөөнөтү чектелбейт.
6. КАИАнын иштерин укуктук жөнгө салу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, «Жергиликтүү өзалдынча башкаруу жөнүндө» КР Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынындагы башка ченемдик укуктук актыларынын, ошондой эле КАИАнын уставынын негизинде жүзөгө ашырылат.
7. КАИА юридикалык жак катары түзүлбөгөн, коомдук уюм болупсаналат. КАИА өз мүчөлөрүнүн арыздарынын, делегаттардын Конференциясынын протоколунун жана уставынын негизинде айылдык кеңеште катталат.
II. КАИАнынмаксаттарыжанаиш-милдеттери.
8. КАИАнын түзүлүү максаттары:
- социалдык экономикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө коомчулуктарды тартуу;
- кызмат көрсөтүүлөрдү өркүндөтүүгө, ишкердүүлүктү өнүктүрүүгө коомчулуктарды
тартуу;
- калктын активдүүлүгүн жогорулатуу жана чечим кабыл алуу процесстерине
катышуусун арттыруу.
9. КАИАнын иш-милдеттери:
- Жергиликтүү аймактын социалдык-экономикалык инфраструктурасын абайланыштуу көйгөйлөрдү аныктайт;
- Жергиликтүү коомчулук тарабынан аныкталган көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган жергиликтүү жамааттын долбоордук сунуштарын, жылдык жана орто мөөнөттүү өнүгүү пландарын жана жаштардын өнүгүү планын иштеп чыгуу;
- КАИАтин максаттарына жана милдеттерине жетүү үчүн эл аралык донордук уюмдардын каражаттарын жана инвестицияларды тартуу;
- Өз мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коргоо;
- Айылдык кеңештин жергиликтүү маселелерди талкуулоосуна катышууга;
- Делегаттардын Конференциясынын жана айылдык чогулуштардын чечимдеринин аткарылышын уюштуруу.
10. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген жана айылдык аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган ар кандай башка иш-аракеттерди жүргүзө алат.
III. КАИАнын укуктары жана жоопкерчилиги.
Тиешелүү жергиликтүү кеңеш жана аткаруучу органы, жергиликтүү мамлекеттик администрация, ошондой эле ишканалар, мекемелер, уюмдар, кооперативдер, жамааттар жана башка чарбакер субъекттер менен келишимдик негизде эриш-аркак аракеттенүүгө;
11. КАИАнын максаттары менен милдеттерин ишке ашыруу үчүн эл аралык донордук уюмдардын каражаттарын жана инвестицияларды тартууга;
12. КАИА жергиликтүү жана эл аралык мамлекеттик эмес коомдук уюмдарга мγчѳ болуп кире алат жана тγз эл аралык байланыштарды тγзγγгѳ жана тийиштγγ макулдашууларды тγзγγгѳ;
- КАИА мамлекеттик жана жергиликтγγ башкаруу органдарынын милдеттери
боюнча жооп бербейт, ал эми алар КАИАнын милдеттери боюнча жооп бербейт.
13. КАИА өзү кабыл алган чечимдердин мыйзамдуулугу үчүн жоопкерчилик тартат.
IV.КАИАнын башкаруу органдары.
14. КАИАнын башкаруу органдары:
- Жогорку орган– делегаттардын Конференциясы;
- Аткаруучу орган – аткаруу комитети;
- Көзөмөлдөөчү орган – ревизиондук комиссиясы.
V. КАИАнын мүчөлөрү жана алардын укуктары.
15. КАИАнын уставына ылайык, жергиликтүү коомдоштуктун тиешелүү аймагында туруктуу жашаган, КАИА менен өз ара таламдары боюнча байланышкан, бир үйчарба чылыгынын таламын билдирүүчү адам КАИАнын мүчөсү болот;
16. КАИАнын уставына ылайык, жамаатка мүчө болу жана андан чыгуу ыктыярдуу болуп саналат;
17. КАИА мүчөлөрү добуш берүү укугу менен КАИАтин делегаттарынын Конференциясына катышууга укуктуу;
18. КАИА мүчөлөрү КАИАтин бардык отурумдарынын жана жыйналыштарынын протоколдору менен таанышууга укуктуу жана КАИАтин бардык жыйналыштарына жана КАИАтин айрым маселелери боюнча коомдук угууларга катышууга, ошондой эле КАИАнын ишмердүүлүгүнө байланыштуу ар кандай маалыматтарды алууга укуктуу;
19. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка милдеттерди аткаруу.
VI. КАИАнын делегаттарынын Конференциясы.
20. Делегаттардын Конференциясы (мындан ары Конференция) жылына кеминде бир жолу өткөрүлөт. Конференция КАИАнын аткаруу комитетинин чечими менен дайындалган күнү өткөрүлөт;
21. Кезексиз Конференция КАИАнын аткаруу комитетинин төрагасы тарабынан же ревизиондук комиссиянын өтүнүчү боюнча же КАИАнын мγчѳлѳрγнγн 25 %нын демилгеси менен чакырылат;
22. Конференцияны өткөрүү үчүн шайланган делегаттардын кеминде 2/3 катышканучурда кворум бар деп эсептелинет. Кворум жок болгон учурда, КАИАнын аткаруу комитетинин төрагасы Конференциянын жаңы датасын жана ордун белгилейт;
23. Бардык Конференциялар алдын ала даярдык менен ачык, айкын өткөрүлүшү керек;
24. Он сегиз жашка толгон жана айылда туруктуу жашаган бардык жарандар Конференцияга жана шайлоого катышууга укуктуу;
25. Бүргөндү айыл аймагында жашабаган, кыймылсыз мүлкү бар жана жергиликтүү бюджетке тийиштүү салыктарды төлөп жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары Конференцияга кеңеш берүү укугу менен (добуш берүү укугу жок) катыша алышат;
26. Конференцияга катышуу үчүн ар бир айылдан бирдей сандагы ____ делегат шайланат, анын ичинен КАИАнын мүчөсү катары бекитилген жана айылдын кызыкчылыгын коргоо үчүн ИАССтын аткаруучу органына ____ талапкерди (50%ы аялдар) жиберишет. Айыл өкмөт башчысы КАИА АКнын мүчөлүгүнө кызмат абалы боюнча кирет.
27. Биринчи Конференцияны делегаттардын ичинен эң улуу аксакал башкарат. Ал күн тартибинин алгачкы эки маселеси боюнча: 1) кворумдун болушун аныктайт; 2) Конференциянын төрагасын жана катчысын шайлоону жүргүзөт. Андан ары, Конференция жаңы шайланган төраганын төрагалыгы астында жана андан кийинки бардык Конференциялар улантылат;
28. Биринчи Конференциянын күн тартибине КАИАнын уставын талкуулоо жана кабыл алуу жана КАИАнын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу башка маселелер кирет;
29. Чечимдер Конференциянын катышуучуларынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
VII. КАИАнын делегаттарынын Конференциясынын компетенциясы.
30. Конференциянын компетенциясына төмөндөгүдөй маселелер кирет:
- КАИАнын уставына жана башка ички документтерге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
- КАИАнын ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо;
- КАИАнын аткаруучу комитетинин жана ревизиондук комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо жана ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
- КАИАнын долбоорлорун бекитүү;
- Жылдык отчетту бекитүү;
- КАИАны өзгөртүп кайра түзүү жана жоюу;
- КАИАнын уставында жана башка ички документтерде каралган дагы башка маселелер.
VIII. КАИАнын аткаруу комитети.
31. Аткаруу комитет КАИАнын учурдагы ишмердүүлүгүн башкарат жана Конференциялардын ортосундагы аралыкта КАИАнын ишмердүүлүгүн башкарууга жооп берет. Ушул уставга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Конференциянын компетенциясынан тышкары, аткаруучу орган КАИАнын бардык функцияларын жана милдеттерин аткарат;
32. Аткаруу комитетинин мүчөлөрү, Конференцияда ар бир айылдан келген талапкерлердин арасынан шайланат;
33. Аткаруу комитетинин мүчөлөрү Конференция тарабынан бир жылдан кийин кайра шайланышы мүмкүн. Аткаруу комитетинин бардык мүчөлөрү өз ыйгарым укуктарын мөөнөтү аяктагандан кийин токтотушат;
34. Аткаруу комитетинин ыйгарым укуктары:
- КАИАнын чогулуштарын жана Конференцияларын уюштуруу;
- Жергиликтүү аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасын жана жаштарды өнүктүрүү планын иштеп чыгууга катышуу;
- Айылдык кеңеште аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасын жана жаштарды өнүктүрүү планын бекитүүгө катышуу;
- Донорлорго долбоорлорду тандоо жөнүндө маалымат берүү, тандалган инвестициялардын техникалык өнүгүүсү боюнча донорлор менен макулдашуу;
- Донорлорго сатып алуулардын абалы жөнүндө маалымдоо (тендердик документтерди макулдашуу, конкурстун мөөнөттөрү жана жыйынтыктары);
- Подрядчиктерге (жеткирүүчүлөргө) көмөк көрсөтүү, алардын ишине мониторинг жүргүзүү жана көзөмөлдөө;
- Бүткөрүлгөн долбоорлорду эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө (ЭТТ) боюнча пландарды түзүү;
- Социалдык мобилизациялоону жана дараметти жогорулатууну жүргүзүү жана жүргүзүүгө көмөктөшүү;
- КАИАнын мүчөлөрүнүн, климаттын өзгөрүшү боюнча коомчулуктардын элчилеринин, коомдук кабарчылардын дараметин жогорулатууга көмөктөшүү;
- Социалдык отчеттуулук боюнча иш-чараларды координациялоо;
- Конференциянын чечимдерин ишкеашыруу.
35. Аткаруу комитети өзүнүн ишмердүүлүгү боюнча Конференцияга/ Жалпы чогулушка отчет берет;
36. Аткаруу комитети өзүнүн иш-милдеттерин жүзөгө ашырууда төмөнкүдөй принциптерди карманат: ыктыярдуулук, мүчөлөрдүн тең укуктуулугу, ачыктык, чынчылдык, мыйзамдуулук, айкындуулук, өзалдынча башкаруу жана Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарын сактоо;
37. Жаңы түзүлгөн аткаруу комитетинин уюштуруу жыйыны Конференциядан кийин өткөрүлөт, Аткаруу комитетинин мүчөлөрүнүн отурумунда Аткаруу комитетинин төрагасы, анын орун басары жана катчысы шайланат. Аткаруу комитетинин курамы төрагадан, төраганын орун басарынан жана башка мүчөлөрдөн турат;
38. Аткаруу комитетинин төрагасы жана орун басары бир жылга шайланат. Аткаруу комитетинин мүчөлөрүнүн саны так болушу керек;
39. Аткаруу комитетинин кийинки жыйындары 7 (жети) күн мурун бардык мүчөлөрүн кабардар кылуу менен аткаруу комитетинин төрагасы тарабынан чакырылат. Кезексиз жыйналыштар КАИАнын аткаруу комитетинин төрагасынын демилгеси менен же аткаруу комитетинин кеминде үч мүчөсүнүн жазуу жүзүндөгү талабы боюнча чакырылышы мүмкүн;
40. Аткаруу комитетинин мүчөлөрүнүн жыйында мүчөлөрдүн 2/3 катышса, компетенттүү деп эсептелет. Аткаруу комитетинин мүчөлөрүнүн кворуму (жетишсиз катышуусу) жок болгон учурда, төрага жыйынды жокко чыгарып, кийинки жыйынды 10 (он) күндөн ашпаган мөөнөткө жылдырышы керек;
41. Аткаруучу органынын мүчөлөрүнүн чечимдери добуш берүү жолу менен кабыл алынат, б.а. катышкан мүчөлөрдүн көпчүлүк добушу менен. Добуштар тең болуп калган учурда, төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат;
42. Аткаруу комитетинин төрагасынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- КАИАнын уставына кол коет;
- Бардык мамлекеттик, жеке, коомдук уюмдарда жана бирикмелерде КАИАнын атынан өкүлчүлүк кылуу;
- Аткаруу комитетинин жыйындарын өткөрүү;
- Конференциянын жана аткаруу комитетинин тапшырмаларын аткаруу;
- Конференцияда аткаруу комитетинин ишмердүүлүгү жөнүндө отчет берет;
- КАИАнын атынан келишимдерге кол коюу;
- Аткаруу комитетинин компетенциясына кирген жана ушул Уставга карама-каршы келбеген башка ыйгарым укуктар.
43. Эгерде КАИАнын аткаруу комитетинин төрагасы өзүнүн иш-милдеттерин аткара албай калган учурда, аткаруу комитетинин жаңы төрагасы шайланганга чейин төраганын милдеттерин төраганын орун басары аткарат;
44. Аткаруу комитетинин мүчөсүнүн иш мөөнөтү аяктаганга чейин Конференциянын делегаттарынын көпчүлүк добушу менен чакыртылып алынышы же алмаштырылышы мүмкүн. Бул учурга, анын жарандык милдетине кайдыгерлик кылгандыгы же аткаруу комитетинин мүчөсү катары өз милдеттерин аткарбагандыгы себеп болот. Аткаруу комитетинин жаңы мүчөсү ушул Конференцияда бекитилет.
IX. Ревизиондук комиссия.
45. Ревизиондук комиссия КАИАнын Конференциясында бир жылдык мѳѳнѳткѳ КАИАнын мγчѳлѳрγнѳн 3 кишиден турган курамда шайланат. Ревизиондук комиссиясы ѳз ишин акысыз тγрдѳ аткарат;
46. Ревизиондук комиссиясынын мүчөлөрү КАИАнын аткаруу комитетинде кандайдыр бир кызматтарды ээлеген адамдар болбоосу керек;
47. Ревизиондук комиссиясы башкарууну белгиленген тартипте жүрүшүн көзөмөлдөйт. Жыл аягында ревизиондук комиссиясы отчетун берет жана ал отчет Конференция тарабынан бекитилет;
48. КАИАнын бардык кызмат адамдары ревизиондук комиссиянын өз милдеттерин аткаруусуна көмөктөшүүгө милдеттүү;
49. Ревизиондук комиссиянын мүчөлөрүн кайра шайлоо Конференциянын делегаттарынын төрттөн биринин талабы боюнча мөөнөтүнөн мурда өткөрүлүшү мүмкүн;
50. Ревизиондук комиссиянын төрагасы ревизиондук комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан анын мүчөлөрүнүн ичинен шайланат.
Х. КАИАны жоюу жана реорганизациялоо.
51. КАИА ѳз ишин токтотуу КАИАны реорганизациялоо, же болбосо жоюу жолу менен Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин каралаган тартипте жγргγзγлѳт.
КАИАнын аткаруу Комитетинин төрагасы:
А. Маражапова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндөЗакон · 21.02.2005 · № 36
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон