# Беловодск айылдык өкмөтүнүн айылдык кеңешинин2022-жылдын 10-августундагы № 95 «Беловодск айыл өкмөтүнө жер тилкесин мөөнөтсүз пайдаланууга бекитүү жөнүндө» токтому

- Толук аталышы: Беловодск айылдык өкмөтүнүн айылдык кеңешинин2022-жылдын 10-августундагы № 95 «Беловодск айыл өкмөтүнө жер тилкесин мөөнөтсүз пайдаланууга бекитүү жөнүндө» токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 95
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.08.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/134134>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-10426/edition/1252545/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/134134.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Беловодск айылдык өкмөтүнүн айылдык кеңешинин2022-жылдын 10-августундагы № 95 «Беловодск айыл өкмөтүнө жер тилкесин мөөнөтсүз пайдаланууга бекитүү жөнүндө» токтому (10.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/134134

---

БЕЛОВОДСК АЙЫЛ ӨКМӨТҮНҮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ

2022-жылдын 10-августу № 95

«Беловодск айыл өкмөтүнө жер тилкесин мөөнөтсүз пайдаланууга бекитүү жөнүндө» Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы Алыбеков Б.Ж. Беловодск айыл өкмөтүнө жер участогун мөөнөтсүз пайдалнууга берүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 25-статьясынын 2- пунктунун Кыргыз Республикасынын “Муниципалдык мүлккө ээлик кылуу жөнүндө” Мыйзамынын 7- статьясынын,11-статьясынын 2- пунктуна ылайык Беловодск айылдык Кеңешинин сессиясы,-

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. Беловодск айылындагы Ленин көчөсүнүн, № 69 дарегинде түндүк жагындагы жайгашкан жер тилкесинин жалпы аянты- 168,0 ч.м. Беловодск айыл өкмөтүнүн муниципалдык жеке менчигине бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин 25-статьясына ылайык бул токтом “Кадастр” ММ Москва филиалында 30 күндүн ичинде катталууга тийиш.

3. Жооптуу катчы ушул токтомду Кыргыз Республикасынын юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы Алыбеков Б.Ж. жүктѳлсүн.

Төрайым

А. Иманкулова
