Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Беловодск айылдык өкмөтүнүн айылдык кеңешинин «Өспүрүм балдардын спорттук мектебинин комплексин Беловодск айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алуу жөнүндө» токтому
БЕЛОВОДСК АЙЫЛ ӨКМӨТҮНҮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
2022-жылдын 10-августу № 93
«Өспүрүм балдардын спорттук мектебинин комплексин Беловодск айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын жаштар иштери, дене тарбия, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик агенттигинин 2021-жылындагы 7-июнь № 3-4/933 Беловодск айыл өкмөтүнүн балансына Кыргыз Республикасынын жаштар иштери, дене тарбия, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик агенттигине караштуу Москва райондук өспүрүм балдардын спорттук мектебин (мындан ары-ӨБСМ) кабыл алуу жөнүндө катын жана жаштар иштери, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Беловодск айылдык кеңешинин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Чүй облусунун Москва районунун Беловодск айылынын Зорге көч. 2 дарегинде жайгашкан Өспүрүм балдардын спорттук мектебинин имараты (ӨБСМ) жанаша жаткан жер участогу менен Беловодск айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алынсын, (тейлоочу кичи кызматкерлер жана тренердик курамсыз) дебитордук жана кредитордук карызсыз.
2. Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылындагы 8-октябрь № 608 токтому менен бекитилген "Мамлекеттик менчиктин объектилерин муниципалдык менчикке өткөрүп берүү тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык иш-чарасын алып барсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж Алыбековго жүктөлсүн.
Төрайым
А. Иманкулова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнун 2001-жылдын 8-октябрындагы № 608 "Объекттерди Кыргыз Республикасынын облустук маанидеги шаарларынын муниципалдык менчиктерине өткөрүп берүү жөнүндө " токтомуПостановление · 08.10.2001 · № 608
- ПОЛОЖЕНИЕ о порядке передачи объектов государственной собственности в муниципальную собственность мэриям городов областного значения (утверж- дено постановлением Правительства КР…Положение · 08.10.2001 · № 608