# Гулистан айыл кеңешинин 2021-жылдын 9-февралындагы № XXXV-5 "“CASA-1000” долбоорунун ишке ашыруу үчүн жер участокторун “Айыл чарба багытындагы” жерлер категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Гулистан айыл кеңешинин 2021-жылдын 9-февралындагы № XXXV-5 "“CASA-1000” долбоорунун ишке ашыруу үчүн жер участокторун “Айыл чарба багытындагы” жерлер категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: XXXV-5
- Кабыл алынган күнү: 09.02.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.02.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/134118>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-10410/edition/1190269/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.02.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Гулистан айыл кеңешинин 2021-жылдын 9-февралындагы № XXXV-5 "“CASA-1000” долбоорунун ишке ашыруу үчүн жер участокторун “Айыл чарба багытындагы” жерлер категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому (09.02.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/134118

---

ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Гулистан айыл кеңешинин (VI-шайланган) кезектеги XХXV -сессиясы 2021-жылдын 9-февралы № XXXV-5 “CASA-1000” долбоорунун ишке ашыруу үчүн жер участокторун “Айыл чарба багытындагы” жерлер категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө “CASA-1000” долбоорун ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы №105 токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 26-декабрындагы №12 “Инвестицияларды колдоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Гулистан айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Гулистан айыл аймагынан өтүүчү “CASA-1000” долбоорун ишке ашыруу үчүн 4 даана электр аба чубалгысынын тирөөчтөрүн орнотуу үчүн № 94,95,139,168 контурларында жайгашкан жалпы 1333 чарчы метр мамлекеттик менчикте турган сугат айдоо жер участокторун, жалпы 1333 чарчы метр мамлекеттик менчикте турган кайрак айдоо жер участокторун “Айыл чарба багытындагы” жерлер категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

2. Гулистан айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Тажимаматовго долбоордун алкагында мыйзамдуу иштерди алып баруу жагы милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Шаназаровго тапшырылсын

Гулистан айылдык кеңешинин төрагасы:

У.Мирзакулов
