# Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин 2021-жылдын 24-февралындагы № 36-13 "Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы тескөөчүлөргө кызматтык формасын тиктирүү үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражат бөлүп берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин 2021-жылдын 24-февралындагы № 36-13 "Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы тескөөчүлөргө кызматтык формасын тиктирүү үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражат бөлүп берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 36-13
- Кабыл алынган күнү: 24.02.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.02.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/134051>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-10343/edition/1189219/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.02.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин 2021-жылдын 24-февралындагы № 36-13 "Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы тескөөчүлөргө кызматтык формасын тиктирүү үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражат бөлүп берүү жөнүндө" токтому (24.02.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/134051

---

КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 36-сессиясы

2021-жылдын 24-февралы № 36-13

Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы тескөөчүлөргө кызматтык формасын тиктирүү үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражат бөлүп берүү жөнүндө

Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн 2020-жылдын 21-декабрындагы № 12-7044 сандуу катына негиз, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-июлундагы № 547 сандуу токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жарандык коом институттары менен өз ара аракеттенүү жөнүндө» жобосунун 3-пунктуна негиз, Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңеши: ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы тескөөчүлөргө кызматтык форма тиктирүү үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 50 000 (элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Бөлүнгөн акча каражатын каржылоо жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.

3. Бөлүнүп берилген акча каражатын сарамжалдуу иштетилишине көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин бюджет, экономика соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.

Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин төрагасы:

А.Топчубаев
