# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-мартындагы № 129 "Интернат тибиндеги балдар мекемелеринин автоматташтырылган маалыматтык-аналитикалык системасын эксплуатациялоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-мартындагы № 129 "Интернат тибиндеги балдар мекемелеринин автоматташтырылган маалыматтык-аналитикалык системасын эксплуатациялоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 18.03.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.03.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/13392>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2752/edition/934843/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/13392.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-мартындагы № 129 "Интернат тибиндеги балдар мекемелеринин автоматташтырылган маалыматтык-аналитикалык системасын эксплуатациялоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (18.03.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/13392

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 18-марты № 129 Интернат тибиндеги балдар мекемелеринин автоматташтырылган маалыматтык-аналитикалык системасын эксплуатациялоо тартибин бекитүү жөнүндө

Интернат тибиндеги балдар мекемелериндеги балдарды эсепке алуунун автоматташтырылган системасын киргизүү максатында, "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Интернат тибиндеги балдар мекемелеринин автоматташтырылган маалыматтык-аналитикалык системасын эксплуатациялоо тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, шаарлардын мэриялары (макулдашуу боюнча) ушул токтомду ишке ашыруу боюнча тийиштүү чараларды көрүшсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө тапшырылсын.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 29-мартындагы N 23 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М.Абылгазиев
