# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-мартындагы № 124 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы № 690 "Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-мартындагы № 124 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы № 690 "Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 124
- Кабыл алынган күнү: 15.03.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.10.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/13382>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2749/edition/1101191/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/13382.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-мартындагы № 124 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы № 690 "Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (22.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/13382

---

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 22-октябрындагы № 228 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 15-марты № 124 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы № 690 "Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

"Эл жана турак жай фондун каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы № 690 "Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- төмөнкүдөй мазмундагы 8-1-пункту менен толукталсын:

"8-1. 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде 2020-жылдагы эл жана турак жай фондун каттоонун уюштуруу-методологиялык иштерин камсыз кылуучу жумушчуларга төмөнкүлөр белгиленсин: эмгек акыларынын өлчөмү 5-тиркемеге ылайык; иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акынын өлчөмү 6-тиркемеге ылайык; 1 жана андан көп жыл эмгектенген жумушчулардын өргүүсүнө эки айлык эмгек акы өлчөмүндөгү жөлөкпул.";

- ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакциядагы 5-тиркеме менен толукталсын;

- ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакциядагы 6-тиркеме менен толукталсын.

2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин тиешелүү жылдар үчүн каралган каражаттарынын чегинде жүзөгө ашырыла тургандыгы аныкталсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М.Абылгазиев

1-тиркеме

"5-тиркеме

2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде 2020-жылдагы эл жана турак жай фондун каттоонун уюштуруу-методологиялык иштерин камсыз кылуучу жумушчулардын эмгек акыларынын өлчөмү

№

Аталышы

Айлык маянанын өлчөмү, сом

1

Борбордук аппараттын эл жана турак жай фондун каттоо методологиясы тобунун жетекчиси

16875

2

Борбордук аппараттын эл жана турак жай фондун каттоону ресурстар менен камсыз кылуу тобунун жетекчиси

16875

3

Борбордук аппараттын эл жана турак жай фондун каттоону уюштуруу тобунун жетекчиси

16875

4

Борбордук аппараттын эл жана турак жай фондун каттоо боюнча башкы адиси

13972

5

Борбордук аппараттын эл жана турак жай фондун каттоо боюнча жетектөөчү адиси

12758

6

Борбордук аппараттын эл жана турак жай фондун каттоо боюнча адиси

11543

7

Облустук (шаардык) мамлекеттик статистика башкармалыгынын эл жана турак жай фондун каттоо боюнча өкүлү

14500

8

Облустук (шаардык) мамлекеттик статистика башкармалыгынын эл жана турак жай фондун каттоо боюнча башкы адиси

12006

9

Облустук (шаардык) мамлекеттик статистика башкармалыгынын эл жана турак жай фондун каттоо боюнча жетектөөчү адиси

10962

10

Райондук (шаардык) мамлекеттик статистика бөлүмүнүн эл жана турак жай фондун каттоо боюнча өкүлү

12485

11

Райондук (шаардык) мамлекеттик статистика бөлүмүнүн эл жана турак жай фондун каттоо боюнча башкы адиси

11385

12

Райондук (шаардык) мамлекеттик статистика бөлүмүнүн эл жана турак жай фондун каттоо боюнча жетектөөчү адиси

10395

13

Эл жана турак жай фондун каттоонун программалык камсыздоосун коштоо боюнча башкы инженер

16250

14

Эл жана турак жай фондун каттоонун программалык камсыздоосун коштоо боюнча инженер - маалымат базасынын системалык администратору

15600

15

Айдоочу

11116

Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жашаган жана иштеген жактарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын болгон алыскы зоналарында жашаган жана иштеген жумушчулардын кызматтык маяналарына үстөк акылардын райондук коэффициенттери бекитилсин.".

2-тиркеме

"6-тиркеме

2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде 2020-жылдагы эл жана турак жай фондун каттоонун уюштуруу-методологиялык иштерин камсыз кылуучу жумушчуларга иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акылардын өлчөмү

№

Иштеген жылдары

Пайыздык үстөк акылардын өлчөмү (%)

1

1 жылдан 3 жылга чейин

5

2

3 жылдан 5 жылга чейин

10

3

5 жылдан 10 жылга чейин

15

4

10 жылдан 15 жылга чейин

20

5

15 жылдан 20 жылга чейин

25

6

20 жылдан 25 жылга чейин

30

7

25 жылдан көп

40

".
