# Кара-Балта шаардык кеңешинин 2022-жылдын 17-августундагы № 04 "«Кара-Балта ш. 2022-жылга карата бюджетин жана 2023-2024-жж. карата Кара-Балта ш. бюджетинин болжолун бекитүү жөнүндө» 2022-жылдын 26-январындагы № 1 Токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кара-Балта шаардык кеңешинин 2022-жылдын 17-августундагы № 04 "«Кара-Балта ш. 2022-жылга карата бюджетин жана 2023-2024-жж. карата Кара-Балта ш. бюджетинин болжолун бекитүү жөнүндө» 2022-жылдын 26-январындагы № 1 Токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 04
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.08.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/133781>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-10077/edition/1204826/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/133781.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара-Балта шаардык кеңешинин 2022-жылдын 17-августундагы № 04 "«Кара-Балта ш. 2022-жылга карата бюджетин жана 2023-2024-жж. карата Кара-Балта ш. бюджетинин болжолун бекитүү жөнүндө» 2022-жылдын 26-январындагы № 1 Токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (04.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/133781

---

КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2022-жылдын 17-августу № 04 «Кара-Балта ш. 2022-жылга карата бюджетин жана 2023-2024-жж. карата Кара-Балта ш. бюджетинин болжолун бекитүү жөнүндө» 2022-жылдын 26-январындагы № 1 Токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесинин 2, 4 бөлүктөрүн жетекчиликке алып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27, 34, 36 - беренелерине ылайык, ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри-Жекшенов М.Р. шаар жашоочулары менен жолугушууларда айтылган кайрылууларды эске алып, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Кара-Балта ш. 2022 - жылга карата бюджетин жана 2023-2024 - жж. карата Кара-Балта ш. бюджетинин болжолун бекитүү жөнүндө» 2022 - жылдын 26-январындагы № 1 Кара-Балта шаардык кеңешинин Токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин, Кара-Балта шаарынын мэриясы кредиттерди которсун:

- Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу мүлккө ММБ - азайуу тарабына

«Эмгек акы» 2111 беренесинде 249,4 миң сомго; «Социалдык фондго төгүмдөр» 2121 беренесинде 43,0 миң сомго; «Башка кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу» 2215 беренесинде 3500,0 миң сомго (ген. план 3000,0 миң сом, башка чыгашалар 500,0 миң сом). Бардыгы: 3792,4 миң сомго. көбөйтүү тарабына «Башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу» 2215 беренесинде (таштандыларды чыгаруу) 300,0 миң сомго; «Учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар» (ирригация) 2221 беренесинде 250,0 миң сом; «Имараттар жана курулуштар» 3111 беренесинде балдар аянтчаларын курууга - 1500,0 миң сомго;

- Кара-Балта шаарынын мэриясынын алдындагы «Универсал» МИ - көбөйүү тарабына:

«Учурдагы муктаждыктар үчүн буюмдарды жана материалдарды алуу» 2222 (жарыктандырууга) беренесинде 950,0 миң сомго;

- Кара-Балта шаарынын мэриясы - көбөйүү тарабына:

«Эмгек акы» 2111 беренесинде 249,4 миң сомго; «Социалдык фондго төгүмдөр» 2121 беренесинде 43,0 миң сомго.

В.И. Ленин атындагы шаардык маданият Сарайы - көбөйтүү тарабына

«Башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу» (Шаардын күнүн өткөрүүгө) 2215 беренесинде 500,0 миң сомго. Бардыгы: 3792,4 миң сом.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылыш көзөмөлү бюджет, муниципалдык менчик, турак жай-коммуналдык чарба жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына, ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри – М.Р.Жекшеновго жүктөлсүн.

Таркатылсын: көктөмөгө, ТДКга, КЭБге, мүлккө ММБге, Кара-Балта ш. мэриясына, В.И. Ленин атындагы ШМСга, «Универсал» МИге.

Кеңештин төрагасы

М.Дүйшөналиев
