Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кызыл-Ункур айылдык кеңешинин 2021-жылдын 19 - августундагы № 5 «Кызыл-Ункур айыл аймагында Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын уставын бекитүү жөнүндө» токтому
КЫЗЫЛ-УНКУР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кызыл-Ункур айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын кезектеги II сессиясы 2021-жылдын 19 - августу № 5 «Кызыл-Ункур айыл аймагында Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын уставын бекитүү жөнүндө» Кызыл-Ункур айыл аймагынын “CASA-1000 Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоору учун кошумча каржылоо” долбоорунун алкагында “Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын” (КАИА) аткаруу комитетинин торагасы Сатар уулу Азатбектин КАИАнын уставын бекитип беруу жонундо маалыматын угуп жана талкуулап, 2005-жылдын 21-февралындагы №36 “Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө” КР Мыйзамын жана 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамын жетекчиликке алып, Кызыл-Ункур айыл аймагында түзүлгөн Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясын айылдык кеңеште каттоо, бекитуу боюнча Кызыл-Ункур айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Ункур айыл аймагынын “Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын” (КАИА) 2021-жылдын 17-июнундагы жалпы чогулушунун №1 протоколу менен бекитилген уставы айылдык кеңештен каттоодон өткөрүлсүн жана бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. Аталган Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине каттоо айылдык кеңештин жооптуу катчысы Тагаева Жыпарага жүктөлсүн.
3. Токтомду аткаруу жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Г.Имаровага милдеттендирилсин.
Кызыл-Ункур айылдык кеңешинин төрагасы:
Бейшенкул уулу Амантур
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндөЗакон · 21.02.2005 · № 36
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон