# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-мартындагы № 120 "Медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндө инспекциялоонун тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-мартындагы № 120 "Медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндө инспекциялоонун тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 120
- Кабыл алынган күнү: 15.03.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/13375>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2745/edition/934140/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/13375.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-мартындагы № 120 "Медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндө инспекциялоонун тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (29.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/13375

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 15-марты № 120 Медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндө инспекциялоонун тартибин бекитүү жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июну № 450 токтомунун редакциясына ылайык)

"Медициналык буюмдарын жүгүртүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 450 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-апрелиндеги № 173 "Жасалма шарттарда (in vitro) лабораториялык дарт табуу үчүн медициналык жана ветеринардык багыттагы буюмдардын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентти бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Жасалма шарттарда (in vitro) лабораториялык дарт табуу үчүн медициналык жана ветеринардык багыттагы буюмдардын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентте:

- 6-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"in vitro - тирүү организмден тышкары контролдонуучу чөйрөдө жүргүзүлгөн медициналык тесттер;".

3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 21-мартындагы N 21 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М.Абылгазиев
