Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндө инспекциялоонун тартибин бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 15-марты № 120 Медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндө инспекциялоонун тартибин бекитүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июну № 450 токтомунун редакциясына ылайык)
"Медициналык буюмдарын жүгүртүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 450 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-апрелиндеги № 173 "Жасалма шарттарда (in vitro) лабораториялык дарт табуу үчүн медициналык жана ветеринардык багыттагы буюмдардын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентти бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Жасалма шарттарда (in vitro) лабораториялык дарт табуу үчүн медициналык жана ветеринардык багыттагы буюмдардын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентте:
- 6-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"in vitro - тирүү организмден тышкары контролдонуучу чөйрөдө жүргүзүлгөн медициналык тесттер;".
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 21-мартындагы N 21 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М.Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (3)
- Жасалма шарттарда (i№ vitro) лабораториялык дарт табуу үчүн медициналык жана ветеринардык багыттагы буюмдардын коопсуздугу жөнүндө" ТЕХНИКАЛЫК РЕГЛАМЕНТ (Кыргыз Республикасынын…Регламент · 05.04.2013 · № 173
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июну № 450 “Медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндө инспекциялоонун тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуПостановление · 29.06.2026 · № 450
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-мартындагы № 120 токтомуна "Медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндө инспекциялоонун ТАРТИБИ"Порядок · 15.03.2019 · № 120 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июну № 450 “Медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндө инспекциялоонун тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуПостановление · 29.06.2026 · № 450
- Жасалма шарттарда (i№ vitro) лабораториялык дарт табуу үчүн медициналык жана ветеринардык багыттагы буюмдардын коопсуздугу жөнүндө" ТЕХНИКАЛЫК РЕГЛАМЕНТ (Кыргыз Республикасынын…Регламент · 05.04.2013 · № 173
- Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндөЗакон · 29.12.2023 · № 216
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-апрелиндеги № 173 "Жасалма шарттарда (i№ vitro) лабораториялык дарт табуу үчүн медициналык жана ветеринардык багыттагы буюмдардын…Постановление · 05.04.2013 · № 173
- Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндөЗакон · 02.08.2017 · № 166 · Күчүн жоготкон