# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-мартындагы № 119 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги № 258 "Оор жумуштар жана зыяндуу, же эмгек шарттары кооптуу жумуштар үчүн кошумча төлөмдү белгилөөнүн тартиби жөнүндө жобону жана Өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштардын типтүү тизмегин (оор жумуштар, зыяндуу, кооптуу жана башка өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштар, өзгөчө климаттык шарттардагы жумуштар) бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-мартындагы № 119 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги № 258 "Оор жумуштар жана зыяндуу, же эмгек шарттары кооптуу жумуштар үчүн кошумча төлөмдү белгилөөнүн тартиби жөнүндө жобону жана Өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштардын типтүү тизмегин (оор жумуштар, зыяндуу, кооптуу жана башка өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштар, өзгөчө климаттык шарттардагы жумуштар) бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 119
- Кабыл алынган күнү: 15.03.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.03.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/13374>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2744/edition/934142/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/13374.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.03.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-мартындагы № 119 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги № 258 "Оор жумуштар жана зыяндуу, же эмгек шарттары кооптуу жумуштар үчүн кошумча төлөмдү белгилөөнүн тартиби жөнүндө жобону жана Өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштардын типтүү тизмегин (оор жумуштар, зыяндуу, кооптуу жана башка өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштар, өзгөчө климаттык шарттардагы жумуштар) бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (15.03.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/13374

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 15-марты № 119 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги № 258 "Оор жумуштар жана зыяндуу, же эмгек шарттары кооптуу жумуштар үчүн кошумча төлөмдү белгилөөнүн тартиби жөнүндө жобону жана Өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштардын типтүү тизмегин (оор жумуштар, зыяндуу, кооптуу жана башка өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштар, өзгөчө климаттык шарттардагы жумуштар) бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Зыяндуу жана кооптуу эмгек шарттары менен байланышкан оор жумуштар үчүн кошумча төлөмдү белгилөө максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 164 жана 224-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги № 258 "Оор жумуштар жана зыяндуу, же эмгек шарттары кооптуу жумуштар үчүн кошумча төлөмдү белгилөөнүн тартиби жөнүндө жобону жана Өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштардын типтүү тизмегин (оор жумуштар, зыяндуу, кооптуу жана башка өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштар, өзгөчө климаттык шарттардагы жумуштар) бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштардын типтүү тизмегинде (оор жумуштар, зыяндуу, кооптуу жана башка өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштар, өзгөчө климаттык шарттардагы жумуштар): "Саламаттык сактоо жана социалдык камсыздоо" деген 39-главасынын 2-параграфы төмөнкүдөй мазмундагы 25-пункт менен толукталсын: "25. Убактылуу кармоочу жайлардын медициналык пункттарындагы иш.".

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги өздөрүнүн чечимдерин белгиленген тартипте ушул токтомго шайкеш келтиришсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 26-мартындагы N 22 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М.Абылгазиев
