# Ленин айылдык кеңешинин 2021-жылдын 24 - сентябрындагы № 4 "2020-жылдын 17-декабрындагы №64 “Санарип технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Президенттин Жарлыгына ылайык 42 маалым кат жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ленин айылдык кеңешинин 2021-жылдын 24 - сентябрындагы № 4 "2020-жылдын 17-декабрындагы №64 “Санарип технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Президенттин Жарлыгына ылайык 42 маалым кат жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4
- Кабыл алынган күнү: 24.09.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.09.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/133731>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-10029/edition/1186320/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ленин айылдык кеңешинин 2021-жылдын 24 - сентябрындагы № 4 "2020-жылдын 17-декабрындагы №64 “Санарип технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Президенттин Жарлыгына ылайык 42 маалым кат жөнүндө" токтому (24.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/133731

---

ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ленин айылдык кеңешинин кезексиз VI сессиясы 2021-жылдын 24 - сентябры № 4 2020-жылдын 17-декабрындагы №64 “Санарип технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Президенттин Жарлыгына ылайык 42 маалым кат жөнүндө Күн тартибиндеги маселе боюнча Ленин айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы билдирүү жасады. Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык кеңешинин кезексиз VI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2020-жылдын 17-декабрындагы №64 Президенттин Жарлыгында бекитилген 42-маалым кат, айыл өкмөткө кайрылган жарандардан талап кылынбасын.

2. Токтомду аткаруу айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт, экология жана депутаттык этика боюнча боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.

Ленин айылдык кеңешинин төрагасы:

Жылчымышев З.
