# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 14-мартындагы № 118 "2018-жылдын 1-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Техникалык жөнгө салуу, стандартташтыруу, шайкештикти баалоо, аккредитациялоо жана метрология тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 14-мартындагы № 118 "2018-жылдын 1-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Техникалык жөнгө салуу, стандартташтыруу, шайкештикти баалоо, аккредитациялоо жана метрология тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 118
- Кабыл алынган күнү: 14.03.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.03.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/13372>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2743/edition/934146/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/13372.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.03.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 14-мартындагы № 118 "2018-жылдын 1-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Техникалык жөнгө салуу, стандартташтыруу, шайкештикти баалоо, аккредитациялоо жана метрология тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу" токтому (14.03.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/13372

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 14-марты № 118 2018-жылдын 1-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Техникалык жөнгө салуу, стандартташтыруу, шайкештикти баалоо, аккредитациялоо жана метрология тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу

Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2018-жылдын 1-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Техникалык жөнгө салуу, стандартташтыруу, шайкештикти баалоо, аккредитациялоо жана метрология тармагында кызматташуу жөнүндө тиркелген макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жогоруда аталган Макулдашууну аткаруу үчүн жооптуу орган болуп аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги түрк тарапка жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 26-мартындагы N 22 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М.Абылгазиев
