Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «16 жашка чыга элек балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнө кошумча барактарды колдонуудан чыгаруу боюнча чараларды көрүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 6-марты № 106 16 жашка чыга элек балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнө кошумча барактарды колдонуудан чыгаруу боюнча чараларды көрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 16 жашка чыга элек жарандарын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары мыйзамсыз чыгаруу тобокелдигин жоюу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги:
- 2019-жылдын 1-июлунан тартып баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнө Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар экенин ырастоочу кошумча баракты берүүгө документтерди кабыл алууну, ошондой эле аны берүүнү токтотсун;
- 2019-жылдын 1-июлунан тартып баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнө Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар экенин ырастоочу кошумча баракты берүүнүн токтотула тургандыгы жөнүндө калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
2. Төмөнкүдөй белгиленсин:
- 16 жашка чыга элек адамдарга баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнө Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар экенин ырастоочу кошумча барактардын ордуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 238 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча документтерди кабыл алуу жана аларды тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө нускамага ылайык Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорттору берилет;
- баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнө Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар экенин ырастоочу мурда берилген кошумча барактар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-майындагы № 201 "Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнө Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар экенин ырастоочу кошумча баракты тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык анын жарактуулук мөөнөтү бүткөнгө чейин колдонулат.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен бирдикте 16 жашка чыга элек адамдарга берилүүчү Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортторун даярдоо мөөнөтүн кыскартууну караган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги:
- 2019-жылдын аягына чейин Россия Федерациясы, Казакстан Республикасы жана Өзбекстан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө жана Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгууга укук берүүчү документ катарында туулгандыгы тууралуу күбөлүктү (16 жашка чыга элек балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнө кошумча баракты) тийиштүү макулдашуулардан алып салуу маселесин иштеп чыксын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине (тизмегине) туулгандыгы тууралуу күбөлүккө кошумча баракты (Кыргыз Республикасынын жарандыгын ырастоону) Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемеси тарабынан барган өлкөдө тариздөө боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жоюу бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө суроо-талапты белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жиберсин.
- өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө суроо-талапты белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жиберсин.
Эскертүүсү: Берилген токтомдун 4-пунктундагы абзацтардын саны расмий тилдеги текстин абзацтарынын санына дал келбейт.
5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы ушул токтомдон келип чыгуучу тийиштүү чараларды көрүшсүн.
6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-майындагы № 201 "Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнө Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар экенин ырастоочу кошумча баракты тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-октябрындагы № 565 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
8. Ушул токтом, 2019-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кире турган ушул токтомдун 6-пунктунан тышкары расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 26-мартындагы N 22 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М.Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- Кочкорбаев айылдык кенешинин 2019-жылдын 6-мартындагы № 106/ХVI -27 "Кенеш айылындагы китепкана жетекчиси Эмильбакова Мира Айтпаевнанын кайрылуусу жөнүндө" токтомуПостановление · 06.03.2019 · № 106/ХVI -27
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-майындагы №201 " Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнө Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар экенин ырастоочу кошумча баракты…Постановление · 02.05.2008 · № 201 · Күчүн жоготкон
- Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнө Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар экенин ырастоочу кошумча баракты тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобо(Кыргыз…Положение · 02.05.2008 · № 201 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-октябрындагы № 565 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 06.10.2008 · № 565 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-майындагы №201 " Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнө Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар экенин ырастоочу кошумча баракты…Постановление · 02.05.2008 · № 201 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 238 "Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын…Постановление · 21.04.2017 · № 238 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик…Постановление · 10.02.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-октябрындагы № 565 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 06.10.2008 · № 565 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- "Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы…Инструкция · 21.04.2017 · № 238 · Күчүн жоготкон