# Токмок шаардык кеңешинин 2022-жылдын 22-январындагы № 30/9-5 "Токмок шаарынын 2022-жылга бюджети жана 2022-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Токмок шаардык кеңешинин 2022-жылдын 22-январындагы № 30/9-5 "Токмок шаарынын 2022-жылга бюджети жана 2022-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 30/9-5
- Кабыл алынган күнү: 22.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/133563>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-9906/edition/1182615/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/133563.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Токмок шаардык кеңешинин 2022-жылдын 22-январындагы № 30/9-5 "Токмок шаарынын 2022-жылга бюджети жана 2022-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" токтому (22.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/133563

---

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Токмок шаардык кеңешинин V чакырылышынын IX кезексиз сессиясы 2022-жылдын 22-январы № 30/9-5 Токмок шаарынын 2022-жылга бюджети жана 2022-2024-жылдарга болжолу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй башкармалыгынын башчысы Г.Т.Жумалиеванын “Токмок шаарынын 2022-жылга бюджети жана 2022-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” докладын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Бюджет Кодексинин 78, 102-беренелерине ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2022-2024-жылдарга болжолу жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин контролдук цифраларын, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколун жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеӊеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токмок шаарынын бюджети киреше жана чыгаша боюнча 2022-жылга атайын каражаттарды эсепке алуу менен – 271 1938 миң сом суммасында (анын ичинде: бюджеттик каражаттар-249060,2 миӊ сом, атайын каражаттар-22133,6 миӊ сом), 2023-жылга болжол -276916,8 миң сом (анын ичинде: бюджеттик каражаттар-254 783,2 миӊ сом, атайын каражаттар-22133,6 миӊ сом), 2024-жылга болжол – 281080,8 миң сом (анын ичинде: бюджеттик каражаттар-258947,2 миӊ сом, атайын каражаттар-22133,6 миӊ сом), (1, 2, 2/1 тиркемелерге ылайык) жана 2022-2024-жылдарга киреше бөлүгү боюнча жөнгө салуу планы 3-тиркеме ылайык бекитилсин.

2. 2022-жылдын жана 2023-2024-жылдарга болжолун жергиликтүү бюджеттин чыгашаларын анык алынган кирешенин чегинде, ошол эле учурда биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, Социалдык фондго чегерүү, тамак-аш, калкка социалдык жардам боюнча жөлөк пул), коммуналдык кызматтарын, көмүр алууну ошондой эле шаардын бюджеттик мекемелеринин кредитордук карыздарын жабууга каржылоо белгиленсин.

3. Токмок ш. жергиликтүү бюджети боюнча жүгүртүлүүчү кассалык накталай каражат 2022-жылдын 1-январына карата 250,0 миң сом суммасында белгиленсин. 4.Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй башкармалыгынын башчысы (Жумалиева Г.Т.):

- Токмок ш. жергиликтүү бюджетин аткаруу процессинде, экономикалык кырдаал өзгөрүлгөн учурларда, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен 2022-жылга карата киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча планды тактоо боюнча иштер квартал сайын жүргүзүлсүн;

- 2022-бюджеттик жылдын ичинде 2021-жыл үчүн шаардын бюджеттик мекемелеринин кредитордук карызын жабуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлсүн;

5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй башкармалыгына шаардын жергиликтүү бюджетин аткарууда өндүрүштүк муктаждык болгон учурда шаардык бюджетти алуучулардын сунушу боюнча жана Токмок шаарынын мэриясынын буюрмаларына ылайык бөлүмдүн чегинде (эмгек акыдан жана Социалдык фондго чегерүүлөрдөн тышкары) жана бюджеттик жылдын кварталынан кварталына чейин бюджеттик ассигнованиелердин чегинде өзгөртүүлөрдү киргизүүгө уруксат берилсин.

6. Бюджеттик каражаттардын башкы башкаруучусуна (Токмок шаарынын мэри) Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 109-беренесине ылайык төмөнкү укуктар берилсин:

- бюджеттик чыгашалар каражаттардын жалпы ассигнованиелеринин экономикалык классификациясынын беренелеринин ортосундагы жана ар бир башкы тескөөчү (тескөөчү, алуучу) өз-өзүнчө бюджеттик каражаттардын чыгашаларынын жыйынды көлөмүнүн белгиленген лимити (5 пайыздан ашпашы керек) менен кайра бөлүштүрүлсүн.

- шаардын жергиликтүү бюджетин аткарууда зарылчылык жаралса, белгиленген чектен (5 пайыз) ашып кетсе, бюджеттик ассигнованиелерди чыгашалардын бөлүмдөн бөлүмгө которууга, Токмок шаарынын мэринин кайрылуусунун негизинде жүзөгө ашырылат. Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунда кароо менен кийин шаардык кеңештин сессиясында бекитилет.

7. Шаардын жергиликтүү бюджетине республикалык бюджеттен максаттуу трансферттер келип түшкөн учурларда, көрсөтүлгөн каражаттардын максаттуу багытта колдонулушу Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын кароосуна киргизилет жана шаардык кеңештин сессиясында бекитилет.

Түшкөн каражаттар биринчи кезекте 2021-жыл үчүн шаардын бюджеттик мекемелеринин коммуналдык кызматтар жана башка биринчи кезекте каржылануучу чыгашалар беренелери боюнча, ошондой эле, шаардын калкына берилген жылуулук энергиясын субсидиялоого жөнөтүлсүн.

8. Токмок ш. боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын башчысы (Кадыркулов Р.Б.):

- экономиканын көмүскө секторун мыйзамдаштыруу боюнча иштерди жүргүзүү жана тескөөнү жакшыртуу жолдору менен салыктарды жана төлөмдөрдү көбөйтүү боюнча чараларды көрсүн;

- салыктык жана салыктык эмес кирешелердин бардык түрлөрү боюнча бекитилген пландардын ай сайын аткарылышы камсыздалсын;

- жергиликтүү бюджеттин салыктар жана төлөмдөр калдыктарын кыскартуу боюнча иштер күчөтүлсүн;

- ай сайын шаардык жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин салыктар жана салык эмес кирешелердин бардык түрү боюнча келип түшүүлөр жана чегерүү боюнча керектүү маалыматтар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй башкармалыгына сунушталсын.

9. Токмок ш. Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы (Макешев М.К.):

- ай сайын төлөмдөрдүн бардык түрлөрү боюнча бекитилген пландын көрсөткүчтөрүнүн аткарылышы камсыз кылынсын;

- шаардын муниципалдык менчигиндеги объектилерди жана жерлерди натыйжалуу пайдалануу боюнча иштерди жүргүзүү жана тескөөнү жакшыртуу жолдору менен төлөмдөрдү жана жыйымдарды көбөйтүү боюнча чаралар кабыл алынсын;

- ай сайын шаардык жергиликтүү бюджеттин муниципалдык менчиктеги объектилерин пайдалануудан түшкөн жана чегерүү боюнча кирешелердин, төлөөчүлөр жана ижарачылар боюнча (юридикалык жана жеке жактар) маалыматтар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй башкармалыгына сунушталсын.

10. Токмок ш. жергиликтүү бюджетинен жергиликтүү салыктар жана жыйымдар бөлүмүнө 6 штаттык бирдигин камсыздоого 1191,8 миң сом суммасында каражат каралсын.

Токмок ш. жергиликтүү салыктар жана жыйымдар бөлүмүнүн кызматкерлерин каржылоо “Токмок шаарынын жергиликтүү салыктар жана жыйымдар бөлүм жөнүндө” Жобого ылайык жүргүзүлсүн. Токмок ш. жергиликтүү салыктар жана жыйымдар бөлүмүнүн кызматкерлеринин кызмат акысына үстөк акы турак-жай – коммуналдык кызмат көрсөтүүгө ай сайын берилүүчү 3500,0 сом суммасында белгиленсин.

11. Токмок ш. жергиликтүү бюджетинен “Менин шаарым Токмок – Мой город Токмок” муниципалдык мекемесинин 10 штаттык бирдигин камсыздоого 3298,3 миң сом суммасында каражат каралсын.

12. Токмок ш. коммуналдык ишканалар комбинатына 23405,0 миң сом суммасында каражат каралсын.

13. Токмок ш. жергиликтүү бюджетинен Токмок шаарынын кварталдык комитеттеринин төрагаларына муниципалдык кызмат көрсөткөндүгү үчүн түзүлгөн эмгек келишимге ылайык каражат каралсын.

14. Бекитилген жамааттык келишимдерге жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл Департаментинин корутундусуна ылайык зыяндуу эмгек шарттарында (компьютерде иштеген) кызматкерлеринин кызматтык маяналарына ай сайын үстөк акылары белгиленсин.

- Токмок ш. мэриясынын (мэрди, биринчи вице-мэрди кошпогондо);

- Токмок шаардык кеңешинин;

- Токмок ш. муниципалдык менчик башкармалыгынын.

15. Бекитилген жамааттык келишимдерге ылайык кызматкерлеринин кызмат акысына тамак-аш, жол кире, турак-жай – коммуналдык кызмат көрсөтүүгө ай сайын берилүүчү компенсациялык төлөмдөр 8000,0 сом өлчөмүндө белгиленсин:

- Токмок ш. мэриясынын (мэрди, биринчи вице-мэрди кошпогондо);

- Токмок шаардык кеңешинин;

- Токмок ш. муниципалдык менчик башкармалыгынын.

16. Билим берүү чөйрөсүнүн кызматкерлеринин кызмат акысына турак-жай – коммуналдык кызмат көрсөтүүгө ай сайын берилүүчү үстөк акы 300,0 сом өлчөмүндө белгиленсин.

17. Бекитилген жамааттык келишимдерге ылайык кызматкерлерге айыл чарба продуктыларын сатып алууга 2 айлык эмгек акы өлчөмүндө материалдык жардам каралсын.

- Токмок ш. мэриясынын;

- Токмок шаардык кеңешинин;

- Токмок ш. муниципалдык менчик башкармалыгынын.

18. 2022-жылдын 1-январына карата шаардын жергиликтүү бюджетинин эркин калдыктарынан калган 33700,0 миң сом суммасындагы 4-тиркемеге ылайык акча каражаты жумшалсын:

- шаардын бюджеттик мекемелеринин 2021-жылга карата кредитордук карыздарын жабууга - 7580,0 миң сом;

- шаардын ичиндеги жолдорду бүтүндөй асфальтоого - 25000,0 миң сом;

- автобекеттин үч бурчтугуна клумбаны жана бөлүүчү тосмону орнотууга - 900,0 миң сом;

-Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө көп функционалдуу уюштуруу техникасын алууга - 220,0 мин сом.

19. Шаардын жергиликтүү бюджеттен каржыланган бюджеттик мекемелери шаардын бюджети бекитилген 14 күн ичинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй башкармалыгына бюджеттик жана атайын каражаттар боюнча чыгашалар сметасын, штаттык түзүмүн жана чыгашалар беренелери боюнча чечмелөөнү сунуштоого милдеттендирилсин.

20. Шаардын бюджеттик мекемелерине атайын каражаттарды колдонууда казына системасын четтеп өтүүгө тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартипти бузган учурда атайын каражаттардын 100 пайызы жергиликтүү бюджеттин кирешесине алынат.

21. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимине ылайык, Токмок шаардык бюджеттик мекемелери тарабынан коммуналдык кызматтар боюнча (суу, электр энергиясы, жылуулук энергиясы, байланыш кызматтары үчүн төлөм) коюлган ченем катуу кармалсын.

22. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине ылайык Токмок ш. мэринин резервдик фонду бюджеттик чыгымдын көлөмүнүн өлчөмү 1% чейин түзүлсүн (1662,3 миң сом).

23. Шаардын бекитилген бюджетинин чыгаша жана киреше бөлүгүнүн аткарылышын көзөмөлгө алуу Токмок ш. мэрине (Самаев У.О.) жүктөлсүн.

24. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Т.М. Сансызбаев

Токмок шаардык кеңешинин 2022-ж. "28-"январындагы № 30/9-5 токтомуна 1-тиркеме

Токмок шаарынын 2022-жылдын киреше бөлүгү жана 2023-2024-жылдарга карата болжолу

(миң сом)

Элемент (8)

Кирешелердин аталышы

2022-жылдын долбоору

Болжол

2023-ж.

2024-ж.

Киреше + активдер жана милдеттенмелер (жерди сатуу)

271 193,8

276 916,8

281 080,8

Киреше + активдер жана милдеттенмелер (жерди сатуу) атайын каражатсыз

249 060,2

254 783,2

258 947,2

МСКБ кирешелери анын ич.

213 493,5

219 216,5

223 380,5

ММБ кирешелери анын ич.

15 150,0

15 150,0

15 150,0

ИСТКБ кирешелери анын ич.

20 402,0

20 402,0

20 402,0

11

Салык кирешелери

232 985,5

238 708,5

242 872,5

11111100

Салык агенти төлөөчү киреше салыгы

133 085,0

138 808,0

142 972,0

11121100

Чакан ишкердик субъектилери үчүн бирдиктүү салык

3 905,0

3 905,0

3 905,0

11122

Патентке негизделген салык

46 780,5

46 780,5

46 780,5

11122100

Милдеттүү түрдөгү патенттин негизиндеги салык

5 950,0

5 950,0

5 950,0

11122200

Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык

40 830,5

40 830,5

40 830,5

11311

Кыймылсыз мүлккө салык

14 770,0

14 770,0

14 770,0

11311100

Ишкердик үчүн пайдаланылбаган кыймылсыз мүлккө салык

250,0

250,0

250,0

11311200

2-топтогу ишкердик үчүн колдонулган кыймылсыз мүлккө салык

14 220,0

14 220,0

14 220,0

11311300

3-топтогу ишкердик үчүн колдонулган кыймылсыз мүлккө салык

300,0

300,0

300,0

11312

Унаа салыгы

14 975,0

14 975,0

14 975,0

11312100

Юридикалык жак.транспорт каражаттарына салык

1 825,0

1 825,0

1 825,0

11312200

Жеке жак-н транспорт каражаттарына салык

13 150,0

13 150,0

13 150,0

1132

Жер салыгы

18 525,0

18 525,0

18 525,0

11321100

Короо жанын. жана дачалык жер учас-н пайдалану үчүн жер салыгы

4 130,0

4 130,0

4 130,0

11321200

Айыл чарба жер-н пайдалануу үчүн жер салыгы

215,0

215,0

215,0

11321300

Калктуу конуш-н жер. жана айыл чарба багыт-а болбогон жерлерди пайдалануу жер салыгы

14 180,0

14 180,0

14 180,0

11412100

Сатуудан салык

11462

Роялти

945,0

945,0

945,0

114623

Металл эмес пайдалуу кендер

255,0

255,0

255,0

11462320

Курулуш куму

255,0

255,0

255,0

114624

Жер алдындагы суулар

690,0

690,0

690,0

11462410

Ичүүчү суу катары куюштуруу үчүн арашан суулар

609,0

609,0

609,0

11462440

Ичүүчү жана техникалык суулар

80,0

80,0

80,0

11462490

Дагы башка жер астындагы суулар

1,0

1,0

1,0

14

Салык эмес кирешелер

34 908,3

34 908,3

34 908,3

14151200

Жер каз-н пайдал-уу укугуна лицен. кармоо үчүн акы

14,7

14,7

14,7

14152100

Калктуу конуштарда жер ижарасы үчүн акы

7 800,0

7 800,0

7 800,0

14211200

Муниципалдык менчикте турган жайлардын, имараттардын, курулмалардын ижара акысы

3 300,0

3 300,0

3 300,0

14224200

Таштандыларды чыгаруу үчүн жыйым

510,0

510,0

510,0

14224300

Унаа токтотуучу жайдын акысы

750,0

750,0

750,0

14224410

Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти жүзөгө ашыруу үчүн алым

400,0

400,0

400,0

1423

Акы төлөнүүчү кызмат көр-н түшүүлөр

22 133,6

22 133,6

22 133,6

3

Активдер жана милдеттенмелер

3 300,0

3 300,0

3 300,0

314121

Айыл чарба багытындагы эмес жерлерди сатуу

3 300,0

3 300,0

3 300,0

Жооптуу катчы

Табалдиев М.А.

КР ФМ Чүй башкармалыгынын башчысы

Жумалиева Г.Т.

Токмок шаардык кеңешинин 2022-ж. "28-"январындагы № 30/9-5 токтомуна 2-тиркеме

Токмок шаарынын 2022-жылдын чыгаша бөлүгүнүн бюджети жана 2022-2024-жылдарга карата болжолу

(миң сом)

Бөлүм

Аталышы

2022-ж долбоор

Божомол

2023 ж.

2024 ж.

701

Мам. кызматтар

бюджеттик каражаттар

38686,7

39709,7

40873,7

атайын каражаттар

702

Коргоо

бюджеттик каражаттар

1435,8

1435,8

1435,8

703

Коомдук тартип

бюджеттик каражаттар

атайын каражаттар

336,0

336,0

336,0

706

ТЖК

бюджеттик каражаттар

125272,3

127772,3

129272,3

707

Саламаттык сактоо

бюджеттик каражаттар

560,0

560,0

560,0

708

Маданият

бюджеттик каражаттар

21203,5

21703,5

22203,5

атайын каражаттар

1002,1

1002,1

1002,1

709

Билим берүү

бюджеттик каражаттар

57482,8

58982,8

59482,8

атайын каражаттар

20795,5

20795,5

20795,5

710

Социалдык өнүгүү

Социалдык өнүгүү

4419,1

4619,1

5119,1

ЖАЛПЫ ЧЫГЫМДАР

271193,8

276916,8

281080,8

бюджеттик каражаттар

249060,2

254783,2

258947,2

атайын каражаттар

22133,6

22133,6

22133,6

Жооптуу катчы

Табалдиев М.А.

КР ФМ Чүй башкармалыгынын башчысы

Г.Т. Жумалиева

Токмок шаардык кеңешинин 2022-ж. "28-"январындагы № 30/9-5 токтомуна 3-тиркеме

Токмок ш.2022-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнүн жөнгө салуу планы жана 2023-2024-жылдарга карата болжолу

(миң сом)

Кирешелер

2022-ж. карата долбоор

Болжол

2023 жыл

2024 жыл

жергиликтүү бюджетке жалпы киреше контингентинен

жергиликтүү бюджетке жалпы киреше контингентинен

жергиликтүү бюджетке жалпы киреше контингентинен

%

сумма

%

сумма

%

сумма

1. Кирешелерди жөнгө салуу

184 730,2

190 453,2

194 617,2

Салык агенти тараб төлөн.киреше салыгы

100,0

133 085,0

100,0

138 808,0

100,0

142 972,0

Чакан ишкердик субъек-и үчүн бирдиктүү салык

100,0

3 905,0

100,0

3 905,0

100,0

3 905,0

Милдет.патен негизиндеги салык

100,0

5 950,0

100,0

5 950,0

100,0

5 950,0

Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык

100,0

40 830,5

100,0

40 830,5

100,0

40 830,5

Роялти

50,0

945,0

50,0

945,0

50,0

945,0

Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны сактоо үчүн төлөм

100,0

14,7

100,0

14,7

100,0

14,7

2.Бекитилген кирешелер

86 463,6

86 463,6

86 463,6

Ишкердик үчүн пайдаланылбаган кыймылсыз мүлккө салык

100,0

250,0

100,0

250,0

100,0

250,0

2-топтогу ишкердик үчүн пайдаланылбаган кыймсылсыз мүлккө салык

100,0

14 220,0

100,0

14 220,0

100,0

14 220,0

3-топтогу ишкердик үчүн пайдаланылган кыйсылсыз мүлккө салык

100,0

300,0

100,0

300,0

100,0

300,0

Унаа салыгы

100,0

14 975,0

100,0

14 975,0

100,0

14 975,0

Жеке жана бакча участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салык

100,0

4 130,0

100,0

4 130,0

100,0

4 130,0

Айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салык

100,0

215,0

215,0

215,0

Калк конуш. жерлерин жана айыл чарбалык эмес багыттагы жерлерди колдонуу үчүн жер салыгы

100,0

14 180,0

100,0

14 180,0

100,0

14 180,0

Жер ижарасына төлөө

100,0

7 800,0

100,0

7 800,0

100,0

7 800,0

Муниципал. менчикте турган жайларды, имараттарды, курулмаларды ижарага алуу үчүн төлөм

100,0

3 300,0

100,0

3 300,0

100,0

3 300,0

Таштандыларды чогултуу акысы

100,0

510,0

100,0

510,0

100,0

510,0

Унаа токтотуучу жайдын акысы

100,0

750,0

100,0

750,0

100,0

750,0

Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти жүзөгө ашыруу үчүн алым

100,0

400,0

100,0

400,0

100,0

400,0

Акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүдөн түшкөн каражаттар

100,0

22 133,6

100,0

22 133,6

100,0

22 133,6

Айыл чарба баг. эмес жерлерди сатуу

100,0

3 300,0

100,0

3 300,0

100,0

3 300,0

Жалпы киреше

271 193,8

276 916,8

281 080,8

анын ичинде:

бюджеттик каражаттар

249 060,2

254 783,2

258 947,2

атайын каражаттар

22 133,6

22 133,6

22 133,6

Жооптуу катчы

Табалдиев М.А.

КР ФМ Чүй башкармалыгынын башчысы

Жумалиева Г.Т.

Токмок шаардык кеңешинин 2022-ж. "28-"январындагы № 30/9-5 токтомуна 4-тиркеме

2022-жылдын 1-январына карата бюджеттик мекемелер тарабынан каржылоого бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын эркин калдыктарынын тизмеси

(миң сом)

Мекеменин аталышы

Бөлүм

Токтомдун №

Чыгаша беренелери

Берененин аталышы

Баардыгы

Эскертүү

Токмок ш. муниципалдык менчик башкармалыгыг

706 "ТЖК"

Токмок шаардык кеңешинин токтому

3111

Имараттар жана курулмалар

7580,0

2022-ж. 1-январына карата кредитордук карызды төлөө

25000,0

шаардын ичиндеги жолдорду оңдөө (бүтүндөй асфальтоо)

900,0

автобекеттин үч бурчтугуна клумбаны жана бөлүүчү тосмону орнотуу

3112

Машиналар жана жабдуулар

220,0

Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө көп функционалдуу уюштуруу техникасын алуу

Баардыгы

33700,0

Жооптуу катчы

Табалдиев М.А.

КР ФМ Чүй башкармалыгынын башчысы

Жумалиева Г.Т.
