# Аламүдүн айылдык кеңешинин 2022-жылдын 17-мартындагы № 64-28 "Аламүдүн айыл аймагында үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду жерге коюу, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана иш-чараларды өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Аламүдүн айылдык кеңешинин 2022-жылдын 17-мартындагы № 64-28 "Аламүдүн айыл аймагында үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду жерге коюу, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана иш-чараларды өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 64-28
- Кабыл алынган күнү: 17.03.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/133554>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-9899/edition/1180312/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/133554.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аламүдүн айылдык кеңешинин 2022-жылдын 17-мартындагы № 64-28 "Аламүдүн айыл аймагында үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду жерге коюу, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана иш-чараларды өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (17.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/133554

---

АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2022-жылдын 17-марты № 64-28 Аламүдүн айыл аймагында үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду жерге коюу, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана иш-чараларды өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Жобонун долбоорун карап чыгып жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесине ылайык Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. Аламүдүн айыл аймагында үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду жерге коюу, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана иш-чараларды өткөрүү тартиби жөнүндө жобосу тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий сайтына жарыялансын.

3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.

Төрага

А.П. Филимоненко
