# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-мартындагы № 101 "Кыргыз Республикасында адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү маселелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-мартындагы № 101 "Кыргыз Республикасында адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү маселелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 101
- Кабыл алынган күнү: 05.03.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/13352>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2730/edition/933564/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/13352.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-мартындагы № 101 "Кыргыз Республикасында адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү маселелери жөнүндө" токтому (23.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/13352

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 5-марты № 101 Кыргыз Республикасында адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү маселелери жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 428 токтомунун редакциясына ылайык)

"Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча ишти координациялаган ыйгарым укуктуу орган болуп аныкталсын.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 428 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Башпаанектерди уюштуруунун, алардын иш тартибинин, алардын ишин башкаруунун, каржылоонун жана контролдоону уюштуруунун эрежеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык бекитилсин.

3. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 428 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор ушул токтомду бекитилген штаттык санынын жана тиешелүү жылга каралган республикалык бюджеттин каражаттарынын чегинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка булактардын эсебинен ишке ашырышсын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" мамлекеттик расмий газетасынын 2019-жылдын 12-мартындагы № 18 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М. Абылгазиев
