Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасында адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү маселелери жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 5-марты № 101 Кыргыз Республикасында адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү маселелери жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 428 токтомунун редакциясына ылайык)
"Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча ишти координациялаган ыйгарым укуктуу орган болуп аныкталсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 428 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Башпаанектерди уюштуруунун, алардын иш тартибинин, алардын ишин башкаруунун, каржылоонун жана контролдоону уюштуруунун эрежеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык бекитилсин.
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 428 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор ушул токтомду бекитилген штаттык санынын жана тиешелүү жылга каралган республикалык бюджеттин каражаттарынын чегинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка булактардын эсебинен ишке ашырышсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" мамлекеттик расмий газетасынын 2019-жылдын 12-мартындагы № 18 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 11-декабрындагы № 854 токтому менен бекитилген)Положение · 11.11.2015 · № 854
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-мартындагы № 101 токтомуна "Башпаанектерди уюштуруунун, алардын иш тартибинин, алардын ишин башкаруунун, каржылоонун жана…Правила · 05.03.2019 · № 101
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-апрелиндеги № 227 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында адамдарды…Постановление · 15.04.2022 · № 227
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-январындагы № 2-б "Адам укуктары чөйрөсүндөгү эл аралык милдеттенмелерди ишке ашырууну камсыз кылуу максатында, "Кыргыз…Распоряжение · 09.01.2020 · № 2-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 428 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-мартындагы № 101 "Кыргыз Республикасында адамдарды…Постановление · 23.08.2023 · № 428
Шилтеме берет (3)
- Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүүЗакон · 17.03.2005 · № 55
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 428 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-мартындагы № 101 "Кыргыз Республикасында адамдарды…Постановление · 23.08.2023 · № 428
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 11-декабрындагы № 854 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 11.12.2015 · № 854 · Күчүн жоготкон