Ош шаардык кеңешинин «Муниципалдык аймактык башкармалыктардын аткарып жаткан иштеринин натыйжалуулугу жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ОШ ШААРДЫК КЕНЕШИ ТОКТОМ Ош шаардык кеңешинин кезектеги IX сессиясы (V чакырылыш) 2022-жылдын 15-июну № 50 Муниципалдык аймактык башкармалыктардын аткарып жаткан иштеринин натыйжалуулугу жөнүндө Ош шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 31-январындагы чыгуу №08-6/137 сандуу Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык башкармалыктардын жана Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын 2021-жыл ичинде аткарган иштеринин натыйжалуулугу жөнүндө Ош шаарынын вице-мэри С.Джунусбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2022-жылдын 30-майындагы №1 чечимин, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой пикирлерин эске алуу менен Ош шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Ош шаарындагы муниципалдык аймактык башкармалыктардын жана Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын 2021-жыл ичинде аткарган иштеринин натыйжалуулугу жөнүндө Ош шаарынын вице-мэри С.Джунусбаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Ош шаарынын мэриясына (А.Мамбетов):
- Ош шаарындагы муниципалдык аймактык башкармалыктардагы орун алган бала бакча, таза суу, канализация, жол, тратуар, транспорт, аялдама, жол белгилери жана светофор, түнкү жарыктандыруу, электр энергия менен камсыздоо сыяктуу көйгөйлүү маселелерди чечүү боюнча тиешелүү чараларды көрүү;
- муниципалдык аймактык башкармалыктардагы аксакалдар соттурунун материалдык-техникалык базасын чыңдоо, алардын иш алып баруусу үчүн иш бөлмөлөр менен камсыз кылуу сунушталсын.
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 57-беренесине ылайык кварталдык комитеттердин чектерин белгилөө жана аларды каттоо үчүн, тиешелүү документтерди 2022-жылдын 15-июлуна чейинки мөөнөттө Ош шаардык кеңешине тапшыруу милдеттендирилсин.
3. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Р.Кулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Ч.Абдиев).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А. Эркинбаев) жүктөлсүн.
Төрага
С.Назылбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123