# Чүй айылдык кеңешинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 10/19 "Чүй айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин 2021-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Чүй айылдык кеңешинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 10/19 "Чүй айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин 2021-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 10/19
- Кабыл алынган күнү: 17.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/133500>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-9853/edition/1178721/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/133500.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чүй айылдык кеңешинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 10/19 "Чүй айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин 2021-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө" токтому (17.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/133500

---

ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ ТОКТОМ 2021-жылдын 17-декабры № 10/19 Чүй айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин 2021-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө Чүй айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Дж.Бекжановдун сунуш кылынган материалдарын карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Чүй айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Дж.Бекжановдун 2021-жылга карата иш-планы №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу иши Чүй айылдык кеңешинин жер жана агрардык комитетинин төрагасы Э.Сакаевге жүктөлсүн.

Төрага

Алиев Р.А.

Бекитемин Чүй айылдык кеңешинин төрагасы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_Р.Алиев “\_\_\_17\_\_\_” \_\_\_\_\_\_\_\_\_12\_ \_\_\_\_2021-ж. №1-Тиркеме

Чүй айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин 2021-жылга карата жайыттарды пайдалануу жана башкаруу боюнча жамааттык иш планы.

№

Иш-планы

Аткаруу мөөнөтү

Аткарууга милдеттүүлөр

1

Чүй айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2021-жылга иш планын жана бюджетин жайыттарды башкаруу планын мал башына төлөнүүчү бааны иштеп чыгу. Жайыт комитетинин отурумун өткөзүү. 2020-жылдын отчетун түзүп тийиштүүү инстанцияга отчет берүү. 2020-жылы жайыт акысы төлөбөгөндөр менен иш алып баруу

Январь 2021- ж.

Бекжанов Дж Дуйшеев О Бекмурзин Ш Укуев Т.

2

2021-жылдын жайыттарды бөлүштүрүү боюнча жеке ветеринардык врачтар менен чогу жайыт комитетинин отурумун өткөзүү. Жайыт пайдалануучулардын айылдык жыйындарына өткөзүүго даярдык көрүү. Жайыт акысын төлөбөгөндөр менен иш алып баруу. Жайыт маселеси боюнча кыргыз өкмөтүнө кайрылуу жазоо боюнча даярдык көрүү.

Февраль 2021 –ж.

Бекжанов Дж Андакулов Т. Укуев Т.

3

Жайыт пайдалануучулар менен отчеттук жыйналышты өткөрүү. Жайыт жерлерин бөлүштүрүү жана жайыт келишимдерин тузүү. Жайыттардын инфоструктурасына мониторинг жүргүзүү. Жайыт акысын жана жайыт жер салыгын чогултуу.

Март 2021-ж.

Бекжанов Дж Андакулов Т. Бекмурзин Ш. Дуйшеев О.

4

Жайыт пайдалануучулар менен жайыт келишим түзүү. Жайытка чыга турган малдын санын тактоо. Жайытка чыга турган малга эмдөө жүргүзүүнү көзөмөлдөө. Жайыт акысын жана жайыт жер салыгын чогултуу.

Апрель 2021-ж.

Бекжанов Дж

5

Жайыт пайдалануучулар менен келишим түзүү. Жайыт акысын жана жайыт жер салыгын чогултуу. Жайытка чакан малдын санын тактоо. Ички жана тышкы жайыттардын ботаникалык курамына мониторинг жүргүзүү. Жеке ветеринардык врачтар менен малга эмдоо жүргүзүүнү көзөмөлдөө.

Май 2021-ж.

Бекжанов Дж

Тыналиев К Бекмурзин Ш Дуйшеев О

6

Жайыт комитетинин отурумун өткөзүү жана 6 айдын жыйынтыгын чыгарып комитетке отчет берүү Кызыл –Суу жана Кара – Моко жолдорун оңдоо. Жайыттагы малдын санын тактоо. Жайыт акысын жана жайыт жер салыгын чогултуу жайыт келишимин түзүү . Жайыт жерлерине мониторинг жүргүзүү

Июнь 2021-ж.

Бекжанов Дж Андакулов Т. Бекмурзин Ш Тыналиев К.

7

Жайыт акысын жана жер салыгын чогултуу. Ички жайыттардагы жапайы тикен чөптөрдү механикалык жол менен чаап жок кылуу. Ички жана тышкы жайыттардагы жайыт жерлеринин ботаникалык составына мониторинг жүргүзүү. Кара – Моко коштосуна транспорт өтүүчү жолду тазалоо жана оңдоо.

Июль 2021-ж.

Бекжанов Дж Андакулов Т. Бекмурзин Ш Кенжалиев К.

8

Жайыт акысын жана жайыт жер салыгын чогултуу. Арал айылындагы саз болгон жайыттарды дринаштарын механикалык жол менен тазалоо. Жайыттардын абалына мониторинг жүргүзүү жана тийиштүү органдарга жайыттардын абалы боюнча отчет берүү.

Август 2021 –ж.

Бекжанов Дж Андакулов Т. Бекмурзин Ш Кенжалиев К.

9

Жайыт акысын жана жайыт жер салыгын чогултуу. Мал чарбасын өнүктүрүү боюнча АРИС проектиси менен келе турган грандтык каражаттардын семинар тренингдерине катышуу. Тышкы жайыттардагы жайыт пайдалануучулар менен жайыттын абалы боюнча жыйын өткөрүү. Жайыт комитетинин отурумун өткөрүү.

Сентябрь 2021-ж.

Бекжанов Дж. Андакулов Т. Бекмурзин Ш Кенжалиев К.

10

Жайыт акысы жана жайыт жер салыгын чогултуу. Ички жайыт пайдалануучулар менен жайыттын абалы боюнча жыйындарды өткөрүү.

Октябрь 2021-ж.

Бекжанов Дж Андакулов Т. Кенжалиев К.

11

Жайыт акысын жана жайыт жер салыгын чолултуу. АРИС проектиси менен мал чарбасын өнүктүрүү боюнча алгачкы семинар тренингдерге катышуу жана биринчи жыйындарды өткөзүү

Ноябрь 2021-ж

Бекжанов Дж Андакулов Т. Бекмурзин Ш Тыналиев К.

12

Жайыт акысын жана жайыт жер салыгын чогултуу. 2021-жылдын жайыт комитетинин жыл жыйынтыгын чыгаруу. Жайыт комитетинин отурумун өткөзүү. Жайыт комитетинин ревизиялык комиссиясынын бухгалтердик документтерди ревизиядан өткөзүү. Жайыт акысын жана жайыт жер салыгын төлөбөгөндөр менен иш алып баруу.

Декабрь 2021-ж

Бекжанов Дж Андакулов Т. Бекмурзин Ш Дуйшеев О. Кенжалиев К.

Чүй айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы

Дж.Бекжанов
