# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-мартындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 22-июлундагы № 488 "Автордук укуктун жана чектеш укуктардын объектилерин пайдалангандыгы үчүн автордук сый акылардын минималдык өлчөмдөрү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-мартындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 22-июлундагы № 488 "Автордук укуктун жана чектеш укуктардын объектилерин пайдалангандыгы үчүн автордук сый акылардын минималдык өлчөмдөрү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 99
- Кабыл алынган күнү: 04.03.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.03.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/13347>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2728/edition/933568/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/13347.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.03.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-мартындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 22-июлундагы № 488 "Автордук укуктун жана чектеш укуктардын объектилерин пайдалангандыгы үчүн автордук сый акылардын минималдык өлчөмдөрү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (04.03.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/13347

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 4-марты № 99 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 22-июлундагы № 488 "Автордук укуктун жана чектеш укуктардын объектилерин пайдалангандыгы үчүн автордук сый акылардын минималдык өлчөмдөрү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

"Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 22-июлундагы № 488 "Автордук укуктун жана чектеш укуктардын объектилерин пайдалангандыгы үчүн автордук сый акылардын минималдык өлчөмдөрү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Автордук укуктун жана чектеш укуктардын объектилерин пайдалангандыгы үчүн автордук сый акылардын минималдык өлчөмдөрү жөнүндө жободо:

- 4-пунктта:

"в" пунктчасындагы "ж.б." деген сөздөр алып салынсын; "г" пунктчасындагы "ж.б." деген сөздөр алып салынсын; "д" пунктчасындагы ", казинолор ж.б." деген сөздөр алып салынсын; "е" пунктчасындагы "ж.б." деген сөздөр алып салынсын; "ж" пунктчасындагы "чатыр дүкөнчөлөр, столдор, стенддер" деген сөздөр "соода борборлору, соода үйлөрү, супермаркеттер" деген сөздөр менен алмаштырылсын; "з" пунктчасындагы "стадиондор, парктар, спорт залдары," жана "ж.б." деген сөздөр алып салынсын; "и" пунктчасындагы "ж.б.) жана жүргүнчүлөр транспортунун бардык түрлөрү" деген сөздөр ", спорт залдары)" деген сөздөр менен алмаштырылсын; "к" пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;

- II бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 18-3 жана 18-4-пункттар менен толукталсын:

"18-3. I бөлүмдүн 4-пунктунун з) пунктчасына ылайык автордук сый акынын ай сайын белгиленүүчү чендеринин өлчөмү төмөнкү формула менен эсептелет: С = Сб х Км х Кк, мында: С - автордук сый акынын чени; Сб - негизги чен; Км - төлөөчүнүн жайгашкан жеринин коэффициенти; Кк - тейлөөнүн класстуулук коэффициенти. Сб = РП х N / 100, мында: РП - Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген эсептик көрсөткүч; N - телевизорлору бар мейманканалардагы (эс алуу үйлөрүндөгү, пансионаттардагы, санаторийлердеги, курорттордогу) номерлердин саны. Төлөөчүнүн жайгашкан жеринин коэффициенти (Км) төлөөчүгө төмөнкү райондордо анын жайгашуусуна жараша берилет: Км = 20 - Бишкек жана Ош шаарлары; Км = 10 - Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата жана Каракол шаарлары; Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаары; Км = 5 - Кыргыз Республикасынын калган калктуу конуштары. Тейлөөнүн класстуулук коэффициенти (Кк) мейманканадагы (эс алуу үйүндөгү, пансионаттагы, санаторийдеги, курорттогу) номерлердин орточо наркы боюнча эсептелет: Кк = 5 - тейлөөнүн эң жогорку деңгээли (номерлердин орточо наркы 150 РПдан жогору); Кк = 4 - тейлөөнүн жогорку деңгээли (80 РПдан 150 РПга чейин); Кк = 2 - тейлөөнүн орточо деңгээли (20 РПдан 80 РПга чейин); Кк = 1 - тейлөөнүн төмөнкү деңгээли (20 РПга чейин), мында РП - мыйзам менен белгиленген эсептик көрсөткүч. 18-4. I бөлүмдүн 4-пунктунун и) пунктчасына ылайык автордук сый акынын ай сайын белгиленүүчү чендеринин өлчөмү төмөнкү формула менен эсептелет: С = Сб х Км х Кк, мында: С - автордук сый акынын чени; Сб - негизги чен; Км - төлөөчүнүн жайгашкан жеринин коэффициенти; Кк - тейлөөнүн класстуулук коэффициенти. Сб = РП х Р / 100, мында: РП - Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген эсептик көрсөткүч; Р - музыкалык чыгармалар пайдаланылуучу кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүнүн ишканаларынын жайлары (кв. метр). Төлөөчүнүн жайгашкан жеринин коэффициенти (Км) төлөөчүгө төмөнкү райондордо анын жайгашуусуна жараша берилет: Км = 2 - Бишкек жана Ош шаарлары; Км = 1 - Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата жана Каракол шаарлары; Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаары; Км = 0,5 - Кыргыз Республикасынын калган калктуу конуштары. Тейлөөнүн класстуулук коэффициенти (Кк) төлөөчүнүн каталогундагы кызмат көрсөтүүлөрдүн орточо наркы боюнча эсептелет: Кк = 5 - тейлөөнүн эң жогорку деңгээли (кызмат көрсөтүүлөрдүн орточо наркы 8 РПдан жогору); Кк = 4 - тейлөөнүн жогорку деңгээли (5 РПдан 8 РПга чейин); Кк = 2 - тейлөөнүн орточо деңгээли (3 РПдан 5 РПга чейин); Кк = 1 - тейлөөнүн төмөнкү деңгээли (3 РПдан баштап), мында РП - мыйзам менен белгиленген эсептик көрсөткүч.".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 12-мартындагы N 18 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М.Абылгазиев
