# Жылалды айылдык кеңешинин 2022-жылдын 17 - майындагы № 12 "Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин 2021-2022-окуу жылында аткарылган иштери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Жылалды айылдык кеңешинин 2022-жылдын 17 - майындагы № 12 "Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин 2021-2022-окуу жылында аткарылган иштери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 12
- Кабыл алынган күнү: 17.05.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.05.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/133455>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-9808/edition/1175952/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.05.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жылалды айылдык кеңешинин 2022-жылдын 17 - майындагы № 12 "Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин 2021-2022-окуу жылында аткарылган иштери жөнүндө" токтому (17.05.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/133455

---

ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү VIII сессиясы 2022-жылдын 17 - майы № 12 Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин 2021-2022-окуу жылында аткарылган иштери жөнүндө Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү VIII сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнө караштуу мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилери К.Кочконованын, Б.Сапарбаеванын, Б.Муратованын 2021-2022-окуу жылында аткарылган иштери боюнча маалыматтарын угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2009-жылдын 24-июнундагы №198 Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө (2011-жылдын 8-августундагы №150, 2014-жылдын 30-майындагы №82, 2021-жылдын 23-мартындагы №38 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Мыйзамынын негизинде Жылалды айыл өкмөтүнө караштуу мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин 2021-2022-окуу жылында бала бакча директорлорунун (К.Кочконованын, Б.Сапарбаеванын, Б.Муратованын) аткарылган иштери боюнча маалыматтары канааттандыраарлык деп табылсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин социалдык маселелер, гендер жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.

Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы:

М.Акназаров
