Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Профессор Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук компьютердик гимназияны профессор Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи деп кайра атоо жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 4-марты № 98 Профессор Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук компьютердик гимназияны профессор Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи деп кайра атоо жөнүндө
Таланттуу балдарды окутуу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү жана жакшыртуу максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Профессор Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук компьютердик гимназия" мекемеси "Профессор Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи" мекемеси деп кайра аталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-майындагы № 239 "Мамлекеттик мекемелерде жана уюмдарда "улуттук" статусу же "академиялык" ардактуу наамы болгону үчүн алардын кызматкерлеринин кызматтык маянасына үстөк акылар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Улуттук" статусу же "академиялык" ардактуу наамы бар мамлекеттик мекемелердин жана уюмдардын тизмесинин 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "6. Профессор Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи.".
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 28-июлундагы № 443 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1997-жылдын 6-майындагы "Бишкек шаарындагы № 5 мектеп-гимназиясын Улуттук компьютердик гимназияга кайра түзүү жөнүндө" Указын ишке ашыруу тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 23-декабрындагы № 951 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 28-июлундагы № 443 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1997-жылдын 6-майындагы "Бишкек шаарындагы № 5 мектеп-гимназиясын Улуттук компьютердик гимназияга кайра түзүү жөнүндө" Указын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-июнундагы № 318 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту.
4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- бир айлык мөөнөттө "Профессор Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи" мекемесинин уставын бекитсин;
- объектти белгиленген тартипте мамлекеттик кайра каттоодон өткөрсүн;
- "Профессор Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи" мекемесин каржылоону Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги үчүн тиешелүү жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде ишке ашырсын;
- ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 12-мартындагы N 18 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (5)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-майындагы № 239 "Мамлекеттик мекемелерде жана уюмдарда "улуттук" статусу же "академиялык" ардактуу наамы болгону үчүн алардын кызматкерлеринин…Постановление · 24.05.2011 · № 239
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-июнундагы № 318 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 15.06.2011 · № 318
- Постановление Правительства КР от 28 июля 1997 года № 443 "О реализации Указа Президента Кыргызской Республики от 6 мая 1997 года "О преобразовании школы-гимназии № 5 города…Постановление · 28.07.1997 · № 443 · Күчүн жоготкон
- Положение о Национальной компьютерной гимназии ( Утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики от 28 июля 1997 года N 443)Положение · 28.07.1997 · № 443 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 23-декабрындагы № 951 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 28-июлундагы № 443 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1997-жылдын 6-майындагы…Постановление · 23.12.2004 · № 951 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-майындагы № 239 "Мамлекеттик мекемелерде жана уюмдарда "улуттук" статусу же "академиялык" ардактуу наамы болгону үчүн алардын кызматкерлеринин…Постановление · 24.05.2011 · № 239
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-июнундагы № 318 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 15.06.2011 · № 318
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын кодексинин долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы № 115…Заключение · 03.03.2014 · № 115 · Күчүн жоготкон
- Указ Президента КР от 6 мая 1997 года УП №124 "О преобразовании школы-гимназии N 5 города Бишкека в Национальную компьютерную гимназию"Указ · 06.05.1997 · № 124 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 23-декабрындагы № 951 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 28-июлундагы № 443 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1997-жылдын 6-майындагы…Постановление · 23.12.2004 · № 951 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 30.04.2003 · № 92 · Күчүн жоготкон