# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-мартындагы № 97 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 31-декабрындагы № 346 "Архив мыйзамдары чөйрөсүндөгү укук бузууларга администрациялык жаза колдонуу тартиби тууралуу жобону жана Мекемелердин, уюмдардын, ишканалардын ишинде түзүлгөн, сактоо мөөнөттөрү көрсөтүлгөн башкаруу документтеринин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-мартындагы № 97 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 31-декабрындагы № 346 "Архив мыйзамдары чөйрөсүндөгү укук бузууларга администрациялык жаза колдонуу тартиби тууралуу жобону жана Мекемелердин, уюмдардын, ишканалардын ишинде түзүлгөн, сактоо мөөнөттөрү көрсөтүлгөн башкаруу документтеринин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 97
- Кабыл алынган күнү: 04.03.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.10.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/13342>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2726/edition/18738/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/13342.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.10.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-мартындагы № 97 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 31-декабрындагы № 346 "Архив мыйзамдары чөйрөсүндөгү укук бузууларга администрациялык жаза колдонуу тартиби тууралуу жобону жана Мекемелердин, уюмдардын, ишканалардын ишинде түзүлгөн, сактоо мөөнөттөрү көрсөтүлгөн башкаруу документтеринин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (11.10.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/13342

---

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-октябрындагы № 614 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 4-марты № 97 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 31-декабрындагы № 346 "Архив мыйзамдары чөйрөсүндөгү укук бузууларга администрациялык жаза колдонуу тартиби тууралуу жобону жана Мекемелердин, уюмдардын, ишканалардын ишинде түзүлгөн, сактоо мөөнөттөрү көрсөтүлгөн башкаруу документтеринин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы карама-каршылыктарды жоюу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 31-декабрындагы № 346 "Архив мыйзамдары чөйрөсүндөгү укук бузууларга администрациялык жаза колдонуу тартиби тууралуу жобону жана Мекемелердин, уюмдардын, ишканалардын ишинде түзүлгөн, сактоо мөөнөттөрү көрсөтүлгөн башкаруу документтеринин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Мекемелердин, уюмдардын, ишканалардын ишинде түзүлгөн, сактоо мөөнөттөрү көрсөтүлгөн башкаруу документтеринин типтүү тизмесин бекитүү жөнүндө";

- 1-пунктунда:

экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын; үчүнчү абзацындагы "башкаруу документтеринин тизмеси." деген сөздөр "башкаруу документтеринин типтүү тизмеси." деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Архив мыйзамдары чөйрөсүндөгү укук бузууларга администрациялык жаза колдонуу тартиби тууралуу жобо күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 12-мартындагы N 18 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М.Абылгазиев
