# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-мартындагы № 96 "2019-2022-жылдар мезгилине ишкерлерди тейлөө борборлорун түзүү жана ишин уюштуруу концепциясын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-мартындагы № 96 "2019-2022-жылдар мезгилине ишкерлерди тейлөө борборлорун түзүү жана ишин уюштуруу концепциясын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 96
- Кабыл алынган күнү: 01.03.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/13329>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2725/edition/933222/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/13329.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-мартындагы № 96 "2019-2022-жылдар мезгилине ишкерлерди тейлөө борборлорун түзүү жана ишин уюштуруу концепциясын бекитүү жөнүндө" токтому (13.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/13329

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 1-марты № 96 2019-2022-жылдар мезгилине ишкерлерди тейлөө борборлорун түзүү жана ишин уюштуруу концепциясын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасында ишкердикти колдоо жана өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2019-2022-жылдар мезгилине ишкерлерди тейлөө борборлорун түзүү жана ишин уюштуруу концепциясы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги ушул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл болгон чараларды көрсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд "Ишкерлерди тейлөө борбору" мамлекеттик мекемесин түзүүдө ушул мамлекеттик мекемени жайгаштыруу үчүн имарат курууга жер участогун издеп тапсын.

4. Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына ушул токтомдун 3-пунктун ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго көмөк көрсөтүүсү сунушталсын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 12-мартындагы N 18 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М.Абылгазиев
