Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 17-октябрындагы № 706 „Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын аскердик башка түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскер кызматы каралган мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларынын азык-түлүк паегунун нормалары жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-февралындагы № 44 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 25-февралы № 91 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 17-октябрындагы № 706 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын аскердик башка түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскер кызматы каралган мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларынын азык-түлүк паегунун нормалары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин мөөнөттүү аскер кызматынын аскер кызматчыларынын тамак-ашын жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 17-октябрындагы № 706 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын аскердик башка түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскер кызматы каралган мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларынын азык-түлүк паегунун нормалары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пунктунун тогузунчу абзацы "Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын" деген сөздөрдөн кийин "жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин" деген сөздөр менен толукталсын;
- жогоруда аталган токтомдун 9-тиркемесинин аталышы "Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын" деген сөздөрдөн кийин "жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги ушул токтомду ишке ашырууга байланышкан чыгымдарды тиешелүү жылга республикалык бюджетте каралган каражаттын чегинде ишке ашырсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 12-мартындагы № 18 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М.Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Постановление Правительства КР от 17 октября 2002 года №706 "О нормах продовольственного пайка военнослужащих Вооруженных Сил Кыргызской Республики"Постановление · 17.10.2002 · № 706 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-февралы № 44 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат…Постановление · 16.02.2021 · № 44
- Постановление Правительства КР от 17 октября 2002 года №706 "О нормах продовольственного пайка военнослужащих Вооруженных Сил Кыргызской Республики"Постановление · 17.10.2002 · № 706 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон