# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-февралындагы № 87 "Кыргыз Республикасында кыртыштын бонитетин аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-февралындагы № 87 "Кыргыз Республикасында кыртыштын бонитетин аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 25.02.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.02.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/13312>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2712/edition/931699/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/13312.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.02.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-февралындагы № 87 "Кыргыз Республикасында кыртыштын бонитетин аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (25.02.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/13312

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 25-февралы № 87 Кыргыз Республикасында кыртыштын бонитетин аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө

Кыртышты бонитировкалоону сапаттуу жүргүзүүнүн жана кыртыштын бонитетин аныктоонун негизинде кыртыштын баалуулугун белгилөө максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 110-беренесине, "Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасында кыртыштын бонитетин аныктоо тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 12-мартындагы N 18 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М.Абылгазиев
