# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21-февралындагы № 83 "Жалал-Абад шаары, Т.Байзаков көчөсү, 53/1 дареги боюнча жайгашкан дене тарбия - ден соолукту чыңдоо комплексин аянты 1,05 га болгон жанаша жер участогу менен Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21-февралындагы № 83 "Жалал-Абад шаары, Т.Байзаков көчөсү, 53/1 дареги боюнча жайгашкан дене тарбия - ден соолукту чыңдоо комплексин аянты 1,05 га болгон жанаша жер участогу менен Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 83
- Кабыл алынган күнү: 21.02.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.02.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/13311>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2711/edition/931701/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/13311.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.02.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21-февралындагы № 83 "Жалал-Абад шаары, Т.Байзаков көчөсү, 53/1 дареги боюнча жайгашкан дене тарбия - ден соолукту чыңдоо комплексин аянты 1,05 га болгон жанаша жер участогу менен Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө" токтому (21.02.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/13311

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 21-февралы № 83 Жалал-Абад шаары, Т.Байзаков көчөсү, 53/1 дареги боюнча жайгашкан дене тарбия - ден соолукту чыңдоо комплексин аянты 1,05 га болгон жанаша жер участогу менен Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд менен Газпромдун Социалдык демилгелерди колдоо фондунун ортосунда кол коюлган 2018-жылдын 17-октябрындагы № 14113 кайрымдуулук келишимин эске алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд мамлекеттин менчигинде турган Жалал-Абад шаары, Т.Байзаков көчөсү, 53/1 дареги боюнча жайгашкан дене тарбия - ден соолукту чыңдоо комплексин аянты 1,05 га болгон жанаша жер участогу менен Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине белгиленген тартипте өткөрүп берсин.

2. Жалал-Абад шаарынын мэриясына төмөнкүлөр сунушталсын:

- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган объектти белгиленген тартипте муниципалдык менчикке кабыл алуу;

- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган объектти максаттуу багыты боюнча гана пайдаланууну камсыз кылуу;

- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган объектти күтүүнү жана андан ары тейлөөнү жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүүнү.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 12-мартындагы N 18 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М.Абылгазиев
