Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жалал-Абад шаары, Т.Байзаков көчөсү, 53/1 дареги боюнча жайгашкан дене тарбия - ден соолукту чыңдоо комплексин аянты 1,05 га болгон жанаша жер участогу менен Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 21-февралы № 83 Жалал-Абад шаары, Т.Байзаков көчөсү, 53/1 дареги боюнча жайгашкан дене тарбия - ден соолукту чыңдоо комплексин аянты 1,05 га болгон жанаша жер участогу менен Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд менен Газпромдун Социалдык демилгелерди колдоо фондунун ортосунда кол коюлган 2018-жылдын 17-октябрындагы № 14113 кайрымдуулук келишимин эске алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд мамлекеттин менчигинде турган Жалал-Абад шаары, Т.Байзаков көчөсү, 53/1 дареги боюнча жайгашкан дене тарбия - ден соолукту чыңдоо комплексин аянты 1,05 га болгон жанаша жер участогу менен Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясына төмөнкүлөр сунушталсын:
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган объектти белгиленген тартипте муниципалдык менчикке кабыл алуу;
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган объектти максаттуу багыты боюнча гана пайдаланууну камсыз кылуу;
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган объектти күтүүнү жана андан ары тейлөөнү жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүүнү.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 12-мартындагы N 18 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М.Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон