# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралындагы № 75 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-июлундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспортторунун жобосун, сүрөттөмөсүн жана үлгүсүн бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралындагы № 75 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-июлундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспортторунун жобосун, сүрөттөмөсүн жана үлгүсүн бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 75
- Кабыл алынган күнү: 20.02.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.02.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/13300>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2703/edition/931417/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/13300.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.02.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралындагы № 75 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-июлундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспортторунун жобосун, сүрөттөмөсүн жана үлгүсүн бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (20.02.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/13300

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 20-февралы № 75 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-июлундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспортторунун жобосун, сүрөттөмөсүн жана үлгүсүн бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-июлундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспортторунун жобосун, сүрөттөмөсүн жана үлгүсүн бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспорттору жөнүндө жободо:

- 17-пунктунун биринчи абзацы "мамлекеттик органынын" деген сөздөрдөн кийин "же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын" деген сөздөр менен толукталсын;

- 19-пунктунун экинчи абзацы "мамлекеттик кызмат ордун" деген сөздөрдөн кийин "же муниципалдык кызматтын тиешелүү муниципалдык кызмат ордун" деген сөздөр менен толукталсын;

- 20-пунктунун экинчи абзацы "мамлекеттик кызмат ордун" деген сөздөрдөн кийин "же муниципалдык кызматтын тиешелүү муниципалдык кызмат ордун" деген сөздөр менен толукталсын.

- 1-тиркемесинде:

"Дипломаттык паспортторду тариздөө үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын № 1 тизмеги";

- төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма тогузунчу жана отузунчу абзацтар менен толукталсын:

"Бишкек шаарынын мэри Ош шаарынын мэри";

- 2-тиркемесинде:

"Кызматтык паспортторду тариздөө үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын № 2 тизмеги";

- төмөнкүдөй мазмундагы бөлүктөр менен толукталсын:

"Бишкек шаарынын мэриясы Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Бишкек шаарынын вице-мэри Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Ош шаарынын мэриясы Ош шаарынын биринчи вице-мэри Ош шаарынын вице-мэри". Эскертүүсү: Берилген токтомдун 1-пунктундагы абзацтардын саны расмий тилдеги текстин абзацтардын санына дал келбейт.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 1-мартындагы N 15 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М.Абылгазиев
