Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-июлундагы № 384 „Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспортторунун жобосун, сүрөттөмөсүн жана үлгүсүн бекитүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 20-февралы № 75 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-июлундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспортторунун жобосун, сүрөттөмөсүн жана үлгүсүн бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-июлундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспортторунун жобосун, сүрөттөмөсүн жана үлгүсүн бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспорттору жөнүндө жободо:
- 17-пунктунун биринчи абзацы "мамлекеттик органынын" деген сөздөрдөн кийин "же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын" деген сөздөр менен толукталсын;
- 19-пунктунун экинчи абзацы "мамлекеттик кызмат ордун" деген сөздөрдөн кийин "же муниципалдык кызматтын тиешелүү муниципалдык кызмат ордун" деген сөздөр менен толукталсын;
- 20-пунктунун экинчи абзацы "мамлекеттик кызмат ордун" деген сөздөрдөн кийин "же муниципалдык кызматтын тиешелүү муниципалдык кызмат ордун" деген сөздөр менен толукталсын.
- 1-тиркемесинде:
"Дипломаттык паспортторду тариздөө үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын № 1 тизмеги";
- төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма тогузунчу жана отузунчу абзацтар менен толукталсын:
"Бишкек шаарынын мэри Ош шаарынын мэри";
- 2-тиркемесинде:
"Кызматтык паспортторду тариздөө үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын № 2 тизмеги";
- төмөнкүдөй мазмундагы бөлүктөр менен толукталсын:
"Бишкек шаарынын мэриясы Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Бишкек шаарынын вице-мэри Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Ош шаарынын мэриясы Ош шаарынын биринчи вице-мэри Ош шаарынын вице-мэри". Эскертүүсү: Берилген токтомдун 1-пунктундагы абзацтардын саны расмий тилдеги текстин абзацтардын санына дал келбейт.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 1-мартындагы N 15 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М.Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.