# Отуз-Адыр айылдык кеңешинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 1 "Жер аянттарын калктуу конуштун жерлери категориясына которуу жѳнүндѳ" токтому

- Толук аталышы: Отуз-Адыр айылдык кеңешинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 1 "Жер аянттарын калктуу конуштун жерлери категориясына которуу жѳнүндѳ" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 14.04.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.04.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/132753>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-9130/edition/1156726/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.04.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Отуз-Адыр айылдык кеңешинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 1 "Жер аянттарын калктуу конуштун жерлери категориясына которуу жѳнүндѳ" токтому (14.04.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/132753

---

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги XXIV сессиясынын (алтынчы чакырылыштагы) 2022-жылдын 14-апрели № 1 Жер аянттарын калктуу конуштун жерлери категориясына которуу жѳнүндѳ. Отуз-Адыр айылдык аймагынын Кызыл-Абад айылынын Живпром участкасындагы № 221-контурдагы 4,21га таштуу жайыт жерди жана № 222-контурдагы 1,30 га курулуштун орду жайгашкан жерди калктуу конуштун жерлери категориясына которуу максатында, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жѳнүндѳ Мыйзамынын 1-главасынын 3-беренесинин жана 1999-жылдын 02-июнунда кабыл алынган № 45 Жер Кодексинин 2-главасынын 13-беренесинин негизинде Отуз-Адыр айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Абад айылынын Живпром участкасындагы № 221-контурда жайгашкан 4,21га жайыт (таштуу жайыт) жана № 222-контурда жайгашкан 1,30 га курулуштун орду болгон жалпы аянты 5,51га жерди калктуу конуштун жерлери категориясына которууга макулдук берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 “Жер участокторун которуу(трансформациялоо) жѳнүндѳ” Мыйзамынын 1-главасынын 7-беренесинин негизинде жалпысы болуп 5,51 га жерди калктуу конуштун жерлери категориясына которуу (трансформациялоо) боюнча тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.

3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнѳ жүктѳлсүн.(Н.Калматов)

4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Отуз-Адыр айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(А.Мурзаев).

Отуз-Адыр айылдык кеңешинин тѳрагасынын орун басары

А.Каимов
