# 97-статья. Жубайды бөлөк жубайына каралашуу милдетинен бошотуу же бул милдетти мөөнөт менен чектөө

- Документ: [Үйбүлө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1327)
- Документтеги орду: 15-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-августундагы № 201 "Үйбүлө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-97>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1327/edition/1163833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1327/st-97.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үйбүлө кодекси, 97-статья (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-97

---

Жардамга муктаж болгон эмгекке жөндөмсүз башка жубайына каралашуу милдетинен жубайын бошотуу же никеде турган мезгилде да, нике бузулгандан кийин да бул милдетти жубайлардын биринин арызы боюнча беш жылдан ашпаган мөөнөткө сот төмөндөгүдөй учурларда чектей алат: эгерде жубайынын жардамына муктаж болгондун эмгекке жөндөмсүздүгү спирт ичимдиктерине, баңги заттарына берилгендигинин натыйжасында же атайылап кылмыш жасоо кесепетинен келип чыкса; жубайлардын никеси узакка созулбаган учурда; алимент төлөөнү талап кылган жубайынын үйбүлөдөгү жүрүм-туруму татыксыз болсо.

---

Мурунку берене: [96-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-96)  
Кийинки берене: [98-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-98)
