# 95-статья. Нике бузулгандан кийин мурдагы жубайынын алимент алуу укугу

- Документ: [Үйбүлө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1327)
- Документтеги орду: 15-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-августундагы № 201 "Үйбүлө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 июня 2017 года № 100 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам инвалидности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111599)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 08.06.2017 [Закон КР от 8 июня 2017 года № 100 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам инвалидности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111599); 17.05.2012 [Закон КР 17 мая 2012 года № 54 "О внесении изменений и дополнений в Семейный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203654)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327#diff=1163850..1163851>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-95>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1327/edition/1163833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1327/st-95.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үйбүлө кодекси, 95-статья (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-95

---

1. Бул үчүн тиешелүү каражаты бар мурдагы жубайынан сот тартибинде алимент талап кылуу укугуна төмөндөгүлөр ээ:

кош бойлуу кезинде мурдагы аялы; ортодогу бала төрөлгөн күндөн тартып үч жыл бою аны багууну жүзөгө ашырган мурдагы жубайы; ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү ортодогу баланы ал он сегиз жашка чыкканга чейин багып-караган же бала кезинен I топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болуп саналуучу ортодогу баланы багып-караган, жардамга муктаж мурдагы жубайы; нике бузулганга чейин эле же нике бузулгандан кийин бир жылдын ичинде эмгекке жөндөмсүз жардамга муктаж болгон мурдагы жубайы; эгерде жубайлар узак мезгил бою никеде турушса, нике бузулган учурдан тартып беш жылга чейин пенсиялык куракка жеткен жардамга муктаж жубайы.

2. Нике бузулгандан кийин мурдагы жубайына алимент берүүнүн өлчөмү жана тартиби мурдагы жубайлардын ортосундагы макулдашуу менен аныкталышы мүмкүн.

(КР 2012-жылдын 17-майындагы № 54, 2017-жылдын 8-июнундагы № 100 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык))

---

Мурунку берене: [94-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-94)  
Кийинки берене: [96-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-96)
