# 93-статья. Ата-эненин кошумча чыгымдарына бойго жеткен балдарынын катышуусу

- Документ: [Үйбүлө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1327)
- Документтеги орду: 14-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-августундагы № 201 "Үйбүлө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-93>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1327/edition/1163833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1327/st-93.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үйбүлө кодекси, 93-статья (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-93

---

1. Бойго жеткен балдары эмгекке жөндөмсүз ата-энесине камкордук көрбөсө жана өзгөчө жагдайлар болгондо (ата-энеси катуу ооруга чалдыкканда, жаракат алганда, аны караганы үчүн бирөөгө акы төлөгөндө жана башка учурларда) бойго жеткен балдар ушундай жагдайлардын чыгышынан улам пайда болгон кошумча чыгымдарды төлөөгө катышууга соттун кийлигишүүсү менен тартылышы мүмкүн.

2. Бойго жеткен ар бир баладан кошумча чыгымдарды көтөрүү тартиби жана ал чыгымдардын өлчөмү ушул Кодекстин 92-статьясынын 3, 4 жана 5-пункттарынын жоболорун сактоо менен ата-эненин, балдардын жана башка тараптардын материалдык жана үйбүлөлүк абалын, көңүл бурууга арзыган башка кызыкчылыктарын эске алуу менен сот тарабынан аныкталат.

3. Кошумча чыгымдарды төлөөнүн тартиби жана ошол чыгымдардын өлчөмү тараптардын макулдашуусу менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [92-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-92)  
Кийинки берене: [94-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-94)
