# 92-статья. Ата-энесине каралашуу боюнча бойго жеткен балдардын милдеттери

- Документ: [Үйбүлө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1327)
- Документтеги орду: 14-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-августундагы № 201 "Үйбүлө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 декабря 2024 года № 190 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Семейный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230018642)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327#diff=1163855..32921>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-92>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1327/edition/1163833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1327/st-92.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үйбүлө кодекси, 92-статья (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-92

---

1. Эмгекке жөндөмдүү бойго жеткен балдар өздөрүнүн эмгекке жөндөмсүз жардамга муктаж болгон ата-энесин багууга жана аларга кам көрүүгө милдеттүү.

2. Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик социалдык жактан тейлөө органы каржылык жардамга муктаж болгон, мамлекеттик камсыздоодо турган жана өзүн-өзү камсыздоодо калган ата-энелерге жашы жеткен эмгекке жарамдуу балдарынан алимент өндүрүү жөнүндө талап менен сотко кайрылууга укуктуу.

3. Ар бир баладан өндүрүлүүчү алименттердин өлчөмү ата-энесинин жана балдарынын материалдык жана үйбүлөлүк абалына жана тараптардын көңүлгө алынуучу таламдарынан келип чыккан ай сайын төлөнүп турууга тийиш болгон туруктуу акчанын суммасы сот тарабынан аныкталат.

4. Алименттердин өлчөмүн аныктаганда сот ошол ата-эненин эмгекке жөндөмдүү, бойго жеткен балдарынын баарын, бардык балдарына, алардын ичинен бирөөнө же алардын бир нечесине карата коюлган талапка карабастан, эске алууга укуктуу.

5. Эгерде ата-энесинин ата-энелик милдеттеринен баш тарткандыгы сот тарабынан аныкталса, жардамга муктаж болгон эмгекке жөндөмсүз өз ата-энесин багуу милдетинен балдары бошотулушу мүмкүн.

Ата-энелик укуктарынан ажыратылган ата-энелерге балдары алимент төлөөдөн бошотулат. (КР 2024-жылдын 2-декабрындагы № 190 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [91-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-91)  
Кийинки берене: [93-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-93)
