# 91-статья. Балдарга жумшалуучу кошумча чыгымдарга ата-эненин катышуусу

- Документ: [Үйбүлө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1327)
- Документтеги орду: 14-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-августундагы № 201 "Үйбүлө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 августа 2020 года № 135 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере регулирования алиментных обязательств"](https://aqlex.ai/kg/doc/112069)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327#diff=1163853..1163854>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-91>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1327/edition/1163833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1327/st-91.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үйбүлө кодекси, 91-статья (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-91

---

1. Макулдашуу болбогондо жана өзгөчө жагдайлар түзүлгөндө (оору, жашы жетпеген балдардын майып болушу же эмгекке жөндөмсүз бойго жеткен балдардын жардамга муктаждыгы, аларды башка адамдарга бактырууга жардамдашуу зарылдыгы, туруктуу жашап туруу үчүн жарактуу турак жайдын жоктугу жана башка жагдайлар) ата-эненин ар бири ушул жагдайларга байланыштуу кошумча чыгымдарга катышууга сот тарабынан тартылышы мүмкүн.

Кошумча чыгымдарга ата-эненин катышуу тартиби жана бул чыгымдардын өлчөмү ата-эненин жана балдардын материалдык жана үйбүлөлүк абалына, тараптардын көңүлгө алынуучу дагы башка жагдайларына жараша ай сайын төлөнүүчү туруктуу акчалай суммада аныкталат.

2. Сот ата-энени накта жумшалган кошумча чыгымдарга жана алдыда боло турган кошумча чыгымдарды тартууга катышып турушуна милдеттендирүүгө укуктуу.

(КР 2020-жылдын 17-августундагы № 135 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [90-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-90)  
Кийинки берене: [92-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-92)
