# 89-статья. Ата-энесинин көзөмөлчүлүгүсүз балдарга алименттерди өндүрүү жана пайдалануу

- Документ: [Үйбүлө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1327)
- Документтеги орду: 14-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-августундагы № 201 "Үйбүлө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-89>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1327/edition/1163833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1327/st-89.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үйбүлө кодекси, 89-статья (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-89

---

Ата-энесинин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдарга алимент ушул Кодекстин 86-88-статьяларына ылайык өндүрүлөт жана балдардын камкорчусуна (көзөмөлчүсүнө) же алардын асыраган ата-энесине же мамлекеттик же үйбүлөлүк балдар үйүндөгү балдардын башка (билим берүү, дарылоо, социалдык жактан коргоо, убактылуу туруу) мекемелериндеги балдардын өздөрүнө ачылган эсебине төлөнөт. Балдар мындай мекемени таштап кеткенде ага алынган алименттердин суммасы ал жашап турган жерде ачылган мамлекеттик банктагы анын өздүк эсебине которулат. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүм менен макулдашуу боюнча балдар мекемесинин жетекчилиги салымдан баланын муктаждыгына (дарылануу, тиш салдыруу, тиешелүү медициналык мекемелердин корутундусу боюнча кулагын жана көзүн коррекциялоого керектелүүчү жеке аппараттар менен камсыз кылуу үчүн гана) керек болгон сумманы мөөнөтүнөн мурда алууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [88-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-88)  
Кийинки берене: [90-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-90)
