# 88-статья. Жашы жетпеген балдарга туруктуу акчалай суммада алимент өндүрүү

- Документ: [Үйбүлө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1327)
- Документтеги орду: 14-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-августундагы № 201 "Үйбүлө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-88>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1327/edition/1163833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1327/st-88.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үйбүлө кодекси, 88-статья (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-88

---

1. Ата-эненин жашы жетпеген балдарына алимент төлөө жөнүндө макулдашуусу болбосо жана эгерде алимент төлөөгө милдеттүү болгон ата-энеси туруктуу эмес, өзгөрүлмө эмгек акы алып турса жана (же) дагы башка кирешеси болсо, же эгерде бул ата-эне эмгек акысын жана (же) дагы башка кирешесин толук же жарым-жартылай натуралай же чет өлкөлүк валютада алса, же эгерде анын иштеп тапканы жана (же) дагы башка кирешеси жок болсо, ошондой эле башка учурларда, эгерде ата-энесинин иштеп тапканынан жана (же) дагы башка кирешесинен алимент үлүшүн өндүрүүгө мүмкүн болбосо, кыйынчылык туулса, же тараптардын бирөөсүнүн таламдары кыйла бузулса, сот ай сайын өндүрүлүүчү алименттердин өлчөмүн туруктуу акчалай суммада же ошол эле учурда үлүш түрүндө (ушул Кодекстин 86-статьясына ылайык) жана туруктуу акчалай суммада өндүрүп берүүгө укуктуу.

2. Туруктуу акчалай сумманын өлчөмү тараптардын материалдык жана үйбүлөлүк абалын жана көңүлгө алуучу дагы башка жагдайларын эске алуу менен, баланын мурдагы камсыз кылынуучу мүмкүн болушунча жогорку деңгээлин сактоо мүдөөсүнө жараша сот тарабынан аныкталат.

3. Эгерде ата-эненин ар биринде балдар кала турган болсо, ата-эненин биринен экинчисине - азыраак камсыз болгондун пайдасына ай сайын өндүрүлүүчү алименттердин өлчөмү ушул статьянын 2-пунктуна ылайык сот тарабынан аныкталуучу туруктуу акчалай сумма менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [87-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-87)  
Кийинки берене: [89-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-89)
