# 86-статья. Жашы жетпеген балдарга өндүрүп алынуучу алименттердин өлчөмү

- Документ: [Үйбүлө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1327)
- Документтеги орду: 14-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-августундагы № 201 "Үйбүлө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 4 июня 2025 года № 111 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам нотариальной деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230027859)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 04.06.2025 [Закон КР от 4 июня 2025 года № 111 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам нотариальной деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230027859); 17.08.2020 [Закон КР от 17 августа 2020 года № 135 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере регулирования алиментных обязательств"](https://aqlex.ai/kg/doc/112069); 14.07.2015 [Закон КР от 14 июля 2015 года № 161 "О внесении изменения в Семейный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111205); 30.06.2014 [Закон КР от 30 июня 2014 года № 100 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205321); 17.05.2012 [Закон КР 17 мая 2012 года № 54 "О внесении изменений и дополнений в Семейный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203654)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327#diff=1163855..32921>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-86>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1327/edition/1163833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1327/st-86.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үйбүлө кодекси, 86-статья (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-86

---

1. Алимент төлөө жөнүндө макулдашуу болбогондо, жашы жетпеген балдарга алименттер сот тарабынан алардын ата-энесинен ай сайын төмөндөгүдөй өлчөмдө өндүрүп алынат: бир балага - ата-энесинин иштеп тапкан жана (же) иш жүзүндөгү кирешесинин төрттөн бири, эки балага - үчтөн бири, үч же андан көп балага - жарымы. Мында, ушул Кодекстин 88-статьясында каралган учурларды кошпогондо, эмгекке жөндөмдүү ата-энелер үчүн алардын жашы жетпеген балдарына өндүрүп алынуучу алименттин эң аз өлчөмү айына бир балага - бир эң аз эмгек акыдан кем эмести, эки балага - бир жарым эң аз эмгек акыдан кем эмести, үч жана андан көп балага - эки эң аз эмгек акыдан кем эмести түзүшү керек.

2. Бул үлүштөрдүн өлчөмү сот аркылуу тараптардын материалдык же үйбүлөлүк абалын жана көңүлгө алынуучу дагы башка жагдайларын эске алуу менен азайтылышы же көбөйтүлүшү мүмкүн.

3. Ата-энеси фермердик чарба жүргүзүүдө, жүгүртүүдөгү накталай акча каражаттары жок болсо, жашы жетпеген балдарга алименттин орду тараптардын макулдашуусу боюнча накта азык-түлүк менен толтурулушу мүмкүн.

4. Эмгек акынын жана (же) колдо кирешенин жоктугу балдарды багуу боюнча милдеттерден ата-энени бошотпойт жана ал белгиленген өлчөмдө алимент төлөө үчүн каражатты өзалдынча издеп табууга, ошол жердеги орточо эмгек акынын өлчөмүнө жараша же алиментти кыймылдуу, болбосо кыймылсыз мүлк же балага же балдарга барабар үлүштөрдө менчигине берүү жолу менен анын бөлүгү менен жаап берүүгө милдеттүү.

5. Нотариалдык буйрук тартибинде жашы жетпеген балдарга өндүрүп алынуучу алименттин өлчөмү ушул статьянын 1-пунктуна ылайык аныкталат.

(КР 2012-жылдын 17-майындагы № 54, 2014-жылдын 30-июнундагы № 100, 2015-жылдын 14-июлундагы № 161, 2020-жылдын 17-августундагы № 135, 2025-жылдын 4-июнундагы № 111 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [851-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-851)  
Кийинки берене: [87-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-87)
