# 851-статья. Билим берүү уюмдарында окуп жаткан он сегизден жыйырма бир жашка чейинки курактагы балдардын алиментке укугу

- Документ: [Үйбүлө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1327)
- Документтеги орду: 14-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-августундагы № 201 "Үйбүлө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 марта 2017 года № 41 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере регулирования алиментных обязательств"](https://aqlex.ai/kg/doc/111548)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327#diff=1163849..1163850>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-851>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1327/edition/1163833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1327/st-851.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үйбүлө кодекси, 851-статья (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-851

---

1. Алиментти төлөө жөнүндө макулдашуу болбосо, академиялык отпускада болгон мезгилди кошпогондо, алар окууну аяктаганга чейин сот уюштуруу-укуктук формасына карабастан, бардык типтеги жана түрдөгү билим берүү уюмдарында күндүзгү формада акы төлөөнүн негизинде окуп жаткан он сегизден жыйырма бир жашка чейинки курактагы жардамга муктаж болгон өз балдарын багууга ата-энелерди милдеттендирүүгө укуктуу.

2. Билим берүү уюмдарынын күндүзгү формасында акы төлөө негизинде окуп жаткан он сегизден жыйырма бир жашка чейинки курактагы жардамга муктаж болгон балдарга алименттин өлчөмү сот тарабынан уюштуруу-укуктук формасына карабастан, бардык типтеги жана түрдөгү билим берүү уюмдарында окутууга төлөнүүчү нарктын элүү пайызынын өлчөмүндө аныкталат.

(КР 2017-жылдын 2-мартындагы № 41 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [85-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-85)  
Кийинки берене: [86-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-86)
