# 85-статья. Жашы жетпеген балдарды багуу боюнча ата-эненин милдеттери

- Документ: [Үйбүлө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1327)
- Документтеги орду: 14-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-августундагы № 201 "Үйбүлө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 4 июня 2025 года № 111 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам нотариальной деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230027859)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 04.06.2025 [Закон КР от 4 июня 2025 года № 111 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам нотариальной деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230027859); 17.08.2020 [Закон КР от 17 августа 2020 года № 135 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере регулирования алиментных обязательств"](https://aqlex.ai/kg/doc/112069)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327#diff=1163855..32921>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-85>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1327/edition/1163833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1327/st-85.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үйбүлө кодекси, 85-статья (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-85

---

1. Ата-эне өздөрүнүн жашы жетпеген балдарын багууга милдеттүү. Жашы жетпеген балдарды багуунун тартиби менен түрү ата-эне тарабынан өз алдынча аныкталат.

Ата-эне өздөрүнүн жашы жетпеген балдарын багуу тууралу ушул Кодекстин 17-главасына ылайык макулдашуу (алимент төлөө тууралу макулдашуу) түзүүгө укуктуу.

2. Эгерде ата-энеси (экөөнүн бири) өздөрүнүн жашы жетпеген балдарын багууга каражат бербеген учурда, аларды багуу үчүн каражат (алимент) баланын атынан, ата-энесинин биринен сотко берилген доонун, же болбосо алардын ата-энесинен (экөөнүн биринен) жашы жетпеген балдарына алимент өндүрүп алуу тууралуу доо коюу укугу берилген балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн доосунун негизинде ата-энелеринен (экөөнүн биринен) сот тартибинде өндүрүп алынат.

Жашы жетпеген балдарды багууга алимент өндүрүп алуу жөнүндө талаптар аталыкты (энеликти) аныктоого, талашууга же үчүнчү жактарды тартуу зарылдыгы менен байланышпаган учурда аларды багууга каражаттар (алименттер) ата-энесинен (алардын биринен) талашсыз тартипте нотариалдык буйруктун негизинде өндүрүп алынат. (КР 2020-жылдын 17-августундагы № 135, 2025-жылдын 4-июнундагы № 111 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [84-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-84)  
Кийинки берене: [851-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-851)
