# 84-статья. Балдарды тарбиялоо менен байланышкан иштер боюнча соттун чечимдерин аткаруу

- Документ: [Үйбүлө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1327)
- Документтеги орду: 13-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-августундагы № 201 "Үйбүлө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 августа 2020 года № 135 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере регулирования алиментных обязательств"](https://aqlex.ai/kg/doc/112069)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327#diff=1163853..1163854>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-84>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1327/edition/1163833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1327/st-84.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үйбүлө кодекси, 84-статья (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-84

---

1. Балдарды тарбиялоо менен байланышкан иштер боюнча соттун чечимдерин аткаруу соттук аткаруучу тарабынан аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

Эгерде ата-эненин бири (баланы көзөмөлдөп турган башка адам) соттун чечимин аткарбаса, ага карата жоруктар жөнүндө мыйзамдарда каралган чаралар колдонулат.

2. Баланы алып коюу жана аны башка адамга (адамдарга) берүү менен байланышкан чечимдерди зордоп аткартуу балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдүн милдеттүү түрдө катышуусу жана бала берилип жаткан адамдын (адамдардын) катышуусу менен, ал эми зарыл болгон учурларда ички иштер органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен жүргүзүлөт.

Баланын кызыкчылыктарына залака келтирбестен баланы алып коюу жөнүндө соттун чечимин аткарууга мүмкүнчүлүк болбогондо соттун аныктамасы боюнча бала тарбиялоо мекемесине, дарылоо мекемесине, калкты социалдык жактан коргоо мекемесине же ушуга окшогон башка мекемелерге убактылуу жайгаштырылышы мүмкүн. (КР 2020-жылдын 17-августундагы № 135 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [83-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-83)  
Кийинки берене: [85-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-85)
