# 82-статья. Баланын өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч туулганда баланын укугун коргоо боюнча чаралар

- Документ: [Үйбүлө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1327)
- Документтеги орду: 13-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-августундагы № 201 "Үйбүлө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 июня 2008 года № 117 "О внесении изменений и дополнений в Семейный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202327)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327#diff=1163836..1163837>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-82>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1327/edition/1163833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1327/st-82.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үйбүлө кодекси, 82-статья (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-82

---

Баланын өмүрүнө же ден соолугуна түздөн-түз коркунуч туулган өзгөчө учурларда (күч колдонуп же психологиялык зордук, орой мамиле же эксплуатациялоо жана башка учурларда) балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүм балдардын укугун коргоо жана аны үй-бүлөдөн сырткары жайгаштыруу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу боюнча шашылыш чараларды көрөт. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүм шашылыш көрүлгөн чаралар жөнүндө бир сутканын аралыгында прокурорго жана балдар иштери боюнча комиссияга маалымат берет жана үч күндөн кечиктирбестен балдарга коргоо көрсөтүүнүн планын иштеп чыгат, материалдарды балдар иштери боюнча комиссияга жана андан ары сотко жөнөтөт. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 12-июнундагы № 117 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [81-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-81)  
Кийинки берене: [83-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-83)
