# 79-статья. Ата-энелик укуктарга чек коюунун натыйжалары

- Документ: [Үйбүлө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1327)
- Документтеги орду: 13-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-августундагы № 201 "Үйбүлө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-79>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1327/edition/1163833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1327/st-79.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үйбүлө кодекси, 79-статья (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-79

---

1. Ата-энелик укуктарына сот тарабынан чек коюлган ата-эне баланы жеке тарбиялоого болгон укугун, балалуу жарандар үчүн белгиленген жеңилдиктерге жана мамлекеттик жөлөкпулдарды алууга болгон укугун жоготот.

2. Ата-энелик укуктарга чек коюу ата-эненин балага каралашуу милдетинен бошотпойт.

3. Ата-энелик укуктары чектелген ата-эненин (экөөнүн биринин) баласы турак жайга менчик укугун же турак жайды пайдалануу укугун сактап калат, ошондой эле ата-энесине жана башка туугандарына тууган болууга негизделген мүлк укугун, анын ичинде мураскорлук укугун сактайт.

4. Ата-энесинин экөөсүнүн тең ата-энелик укуктары чектелген учурда бала, анын мүлкү менен турак жай аянты балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдүн көзөмөлчүлүгүнө өткөрүп берилет.

---

Мурунку берене: [78-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-78)  
Кийинки берене: [80-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-80)
