# 77-статья. Ата-энелик укуктарды калыбына келтирүү

- Документ: [Үйбүлө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1327)
- Документтеги орду: 13-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-августундагы № 201 "Үйбүлө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 июля 2012 года № 114 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203714)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327#diff=1163842..1163843>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-77>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1327/edition/1163833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1327/st-77.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үйбүлө кодекси, 77-статья (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-77

---

1. Эгерде ата-энеси жүрүм-турумун, жашоо ыңгайын жана (же) балага тарбия берүү мамилесин өзгөртүшсө, алардын (экөөнүн биринин) ата-энелик укуктары калыбына келтирилиши мүмкүн.

2. Ата-энелик укуктарды калыбына келтирүү ата-энелик укуктарынан ажыраган ата-эненин берген арызы боюнча сот тартибинде жүзөгө ашырылат. Ата-энелик укуктарды калыбына келтирүү жөнүндө иштер балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрдүн, ошондой эле прокурордун катышуусу менен каралат.

3. Ата-эненин (экөөнүн биринин) ата-энелик укуктарын калыбына келтирүү жөнүндө арызы менен бирге баланы ата-энесине (экөөнүн бирине) кайтарып берүү тууралу талап каралышы мүмкүн.

4. Эгерде ата-энелик укуктарды калыбына келтирүү баланын кызыкчылыктарына карама-каршы келсе, сот баланын ой-пикирин эсепке алуу менен, ата-эненин (экөөнүн биринин) ата-энелик укуктарын калыбына келтирүү жөнүндө доосун канааттандыруудан баш тартууга укуктуу.

Он жашка чыккан балага карата ата-энелик укуктарды калыбына келтирүү, анын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана болушу мүмкүн. Эгерде бала асырап алынган болсо жана асырап алуу жокко чыгарылбаса, ата-энелик укуктарды калыбына келтирүүгө жол берилбейт. (КР 2012-жылдын 16-июлундагы № 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [76-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-76)  
Кийинки берене: [78-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-78)
