# 76-статья. Ата-энелик укуктардан ажыратуунун кесепеттери

- Документ: [Үйбүлө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1327)
- Документтеги орду: 13-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-августундагы № 201 "Үйбүлө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-76>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1327/edition/1163833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1327/st-76.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үйбүлө кодекси, 76-статья (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-76

---

1. Ата-энелик укуктарынан ажыраган ата-эне баласына карата тууганчылык фактыга негизделген бардык ата-энелик укуктарын, анын ичинде андан каражат алуу укугун (ушул Кодекстин 92-статьясы), ошондой эле балдары бар жарандар үчүн белгиленген жеңилдиктерди жана мамлекеттик жөлөкпулдарды алуу укуктарын да жоготот.

2. Ата-энелик укуктардан ажыратуу ата-энени өз баласына каралашуу милдетинен бошотпойт.

3. Ата-энелик укуктарынан ажыраган баланын ата-энеси (экөөнүн бири) менен андан ары чогуу жашоо маселеси турак жай мыйзамдарында белгиленген тартипте сот тарабынан чечилет.

4. Ата-энелик укуктарынан ажыраган ата-эненин (экөөнүн биринин) баласы турак жайга менчик укугун же турак жайды пайдалануу укугун сактайт, ошондой эле ата-энеге жана башка туугандарына тууган болууга негизделген мүлк укугун, анын ичинде мураскорлук укугун сактап калат.

5. Баланы башка ата-энеге берүү мүмкүн болбогондо же ата-энесинин экөө тең ата-энелик укуктарынан ажыратылган учурда анын мүлкү менен турак жай аянты балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдүн көзөмөлчүлүгүнө өткөрүп берилет.

6. Ата-энеси (экөөнүн бири) ата-энелик укуктарынан ажыратылган учурда баланы асырап алууга ата-энени (экөөнүн бирин) ата-энелик укуктарынан ажыратуу жөнүндө соттун чечими чыккан күндөн тартып кеминде алты ай өткөндөн кийин жол берилет.

---

Мурунку берене: [75-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-75)  
Кийинки берене: [77-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-77)
