# 75-статья. Ата-энелик укуктардан ажыратуунун тартиби

- Документ: [Үйбүлө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1327)
- Документтеги орду: 13-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-августундагы № 201 "Үйбүлө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 июня 2008 года № 117 "О внесении изменений и дополнений в Семейный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202327)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327#diff=1163836..1163837>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-75>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1327/edition/1163833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1327/st-75.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үйбүлө кодекси, 75-статья (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-75

---

1. Ата-энелик укуктардан ажыратуу сот тартибинде жүргүзүлөт.

Ата-энелик укуктардан ажыратуу жөнүндө иштер ата-эненин биринин (аларды алмаштыруучу адамдардын), прокурордун арызы, ошондой эле жашы жетпеген балдардын укуктарын коргоо милдети жүктөлгөн органдардын же мекемелердин (балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрдүн, балдардын иштери боюнча комиссиялардын, жетим балдар жана ата-энеси карабай кеткен балдар мекемелеринин ж.б.) арызы боюнча каралат.

2. Ата-энелик укуктардан ажыратуу жөнүндөгү иштер милдеттүү түрдө прокурордун жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдүн катышуусу менен каралат.

3. Ата-энелик укуктардан ажыратуу жөнүндө иштерди караганда сот ата-энелик укуктарынан ажыраган ата-энеден (экөөнүн биринен) алиментти өндүрүү тууралу маселени чечет.

4. Эгерде сот ата-энелик укуктардан ажыратуу жөнүндө иштерди караганда ата-эненин (экөөнүн биринин) иш-аракетинен жазалана турган жазык жосунунун белгилерин байкаса, бул тууралу прокурорго кабарлоого милдеттүү.

5. Соттун ата-энелик укуктардан ажыратуу жөнүндө чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып үч күндүн ичинде соттун ушул чечиминин көчүрмөсүн баланын туулганы мамлекеттик каттоодон өткөн жердеги жарандык абалдын актыларын жазуу орган менен балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөргө жиберүүгө милдеттүү.

(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 12-июнундагы № 117 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [74-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-74)  
Кийинки берене: [76-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-76)
